«САМР Алатоо» фондунун экологиялык билим берүү программасы экологиялык көйгөйлөр тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга, туруктуу ой жүгүртүүнү жана жоопкерчиликтүү мамилени өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөнү коргоо жана сактоо боюнча практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Биз келечектеги жана учурдагы жаратылыш ресурстарын башкаруучуларды жана колдонуучуларды жеткиликтүү жана жөнөкөй ыкмалар жана куралдар менен окутуп, туруктуу келечекти камсыз кылууга жана айлана-чөйрөнү сактоого жардам беребиз. Окутуу материалдары ар түрдүү дидактикалык материалдарды, симуляциялык оюндарды жана санариптик куралдарды, эксперименттерди жана жарандык илимий изилдөөлөрдү колдонууга негизделген. Алар студенттерди критикалык жана системалуу ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана туруктуу практикаларды өздөштүрүүгө үндөйт.
Климаттын өзгөрүшү жалпыга белгилүү көрүнүш, анын ичинде жергиликтүү деңгээлде да, бирок анын себептери, процесстери жана жаратылыш ресурстарына жана биологиялык ар түрдүүлүккө тийгизген таасирлери ар дайым так түшүнүлө бербейт. Көбүнчө климаттын өзгөрүшү жердин деградациясынын негизги себеби катары айтылып келет, бирок негизги себеп туруктуу эмес жерди пайдалануу тажрыйбалары болушу мүмкүн. Климаттын өзгөрүшү боюнча экологиялык билим берүү жергиликтүү жамааттардын климаттын өзгөрүшүнүн себептери, анын жергиликтүү чөйрөгө тийгизген таасирлери, ошондой эле жамаат деңгээлинде колдонулушу мүмкүн болгон адаптация жана зыянды азайтуу чаралары жөнүндө маалымдуулугун жана билимин жогорулатууга багытталган.
Мамилелер:
Куралдар:
Иштелип чыккан цифралдык куралдар: