Салымдар

Кыргызстандын жамааттарынын демилгелери

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын (ӨКЖА) өнүктүрүүнүн совет убагынан бери сакталып келген мамлекеттик системасы илимий ишмердүүлүктү жана жаратылышты коргоо чараларын жетиштүү каржылоону жүргүзүү, кесипкөй кадрларды күтүү көйгөлөрүнө туш болуу менен жаңы шарттарга абдан жай ыңгайлашат. Акыркы көйгөйдү мамлекеттик егер кызматынын ишин жеңилдетүү үчүн ӨКЖА коргоо иштерине жергиликтүү жашоочуларды тартуунун эсебинен чечүүгө болот. «САМР Алатоо» КФ жамааттардын жаңы ӨКЖА түзүү демилгелерин колдойт. Адамдардын туулуп өскөн жериндеги жаратылышты коргоого катышуусу, алардын өзүндө баалуулуктарды жана маданий мурастарды сактоого сыймыктанууну жана кылган ишине карата терең ишенимди пайда кылат.

Салым кошуу

ӨКЖАга турист катары барыңыз

Экологиялык туризмдин, кемпингдин жана атчан сейилдөөнүн күйөрмандары ӨКЖА аймагынан кооз пейзаждарды жана керемет шаркыратмаларды таба алат, ал эми wildlifewatching/birdwatching сүйүүчүлөр атайын көмүскө жайдын жардамы аркылуу корук зонанын жашоочуларына байкоо сала алышат.

Жамааттын өнүмүн сатып ал

Сиз экологиялык өнүм сатып алуу менен биздин жаратылышты коргоого салып кошосуз, жок болуу чегинде турган флора жана фаунаны коргоп жана сактайсыз жана алардын жашоосуна шарт түзөсүз.

Волонтер болуңуз

Сиз экологиялык чыйыр жолдорду чыңдоо, булактарды калыбына келтирүү, аскалардан жазууларды өчүрүү, бак-дарактарды отургузуу, таштанды чогултуу боюнча ар кандай волонтердук долбоорлордун активдүү катышуучусу боло аласыз. Экоактивисттер жаңы көндүмдөргө канчалык көбүрөөк үйрөнгөн сайын, волонтердук кыймылдар ошончолук кеңейет.

Иш жүзүндө коомдук ӨКЖА модели буга чейин Ысык-Көл облусундагы «Байбоосун» микро коругунда жана "Жаргылчак" зоологиялык чакан коругунда, Нарын облусундагы «Кара-Кужур» аңчылык чарбасында иштеп келет. Жергиликтүү актвисттер ушул коруктардагы жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн өз камкордугуна алышкан жана коргоо режимин камсыздайт, биологиялык ар түрдүүлүктү жана экосистеманы сактоо боюнча акцияларды өткөрөт, калктын социалдык-экономикалык жашоо-шартын жакшыртуу боюнча идеяларды иштеп чыгат. Түзүлгөн коомдук ӨКЖА жардамы менен чет жакадагы айылдардын жашоочулары экологиялык өнүмдөрдү өндүрүүнүн жана туризмдин эсебинен өздөрүнүн бакубатчылыгын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алышты, ошондой эле, жайыттарын деградациядан сактап калышты.    

Жамааттар

"Байбоосун жаратылыш коругу" КФ

"Байбоосун" микро коругу, Ысык-Көл облусунун Тоң району

"Ала-Тоо Бугу" КБ

"Чон-Жаргылчак" зоологический атайын коругу, Ысык-Көл облусунун Жети-Өүз району