Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо

Экологиялык билим берүү

«САМР Алатоо» фондунун экологиялык билим берүү программасы экологиялык көйгөйлөр тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга, туруктуу ой жүгүртүүнү жана жоопкерчиликтүү мамилени өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөнү коргоо жана сактоо боюнча практикалык көндүмдөрдү өркүндөтүүгө жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Биз келечектеги жана учурдагы жаратылыш ресурстарын башкаруучуларды жана колдонуучуларды жеткиликтүү жана жөнөкөй ыкмалар жана куралдар менен окутуп, туруктуу келечекти камсыз кылууга жана айлана-чөйрөнү сактоого жардам беребиз. Окутуу материалдары ар түрдүү дидактикалык материалдарды, симуляциялык оюндарды жана санариптик куралдарды, эксперименттерди жана жарандык илимий изилдөөлөрдү колдонууга негизделген. Алар студенттерди критикалык жана системалуу ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана туруктуу практикаларды өздөштүрүүгө үндөйт.

Жабайы жаратылышты сактоо маселелери мектеп жана университеттердин программаларында бет жүзүндө гана каралат, натыйжада жаштар арасында биологиялык түрлөрдү сактоонун маанисин түшүнүү жана кабардар болуу деңгээли төмөн. Жаратылышка жакын турган жергиликтүү коомдор тоо экосистемаларынын жана биологиялык түрлөрдүн маанисин жана баасын түшүнүшпөйт. Мектеп программаларында туруктуу өнүгүү концепциясын киргизүү жана популяризациялоо биологиялык түрлөрдү сактоонун негиздерин жана экосистеманын тең салмактуулугунун маанисин түшүнүү үчүн бекем жана маалымдуу негиз салат.

Мамилелер:

  • Окуучулардын билимин жана кызыгуусун жогорулатуу үчүн дидактикалык материалдарды, анын ичинде симуляциялык оюндарды, практикалык көндүмдөрдү, экспериметтерди жана башкаларды иштеп чыгуу жана адаптациялоо.
  • Мектеп жана университет программаларына Туруктуу Өнүгүү үчүн Билим берүү (ESD) концепциясын киргизүү, бул өлкөдө экологиялык билим берүүнү өнүктүрүү максатында. ESD туруктуу өнүгүү боюнча негизги маселелерди окутуу жана үйрөнүүгө интеграциялоону билдирет, бул туруктуу келечекти куруу үчүн зарыл болгон билимдерди, көндүмдөрдү, мамилелерди жана баалуулуктарды өнүктүрүүгө жардам берет.

Куралдар:

  • Окуу материалдарын (окуусу боюнча колдонмо, дидактикалык материалдар, симуляциялык оюндар) жергиликтүү жана улуттук кызыкдар тараптарды тартуу менен иштеп чыгуу.
  •  Иштелип чыккан материалдарды билим берүү боюнча тиешелүү бийлик органдары тарабынан мектеп жана университеттик окуу программаларына колдонууга жана киргизүүгө бекитүү.
  • Чөйрөнү коргоо боюнча окуу колдонмосун жергиликтүү тестирлөө жана ылайыкташтыруу.
  • Окутуучуларды билим берүү методдору жана куралдар боюнча системалуу жана этап-этабы менен даярдоо: жумушчу жыйындар, тренингдер, ментордук жана коучинг аркылуу.
  • Иштелип чыккан материалдарды улуттук билим берүү мекемелеринин билим берүү программаларына интеграциялоо.
  • Чөйрөнү коргоонун маанисин унутпоо үчүн улуттук жана регионалдык конференцияларды, тегерек үстөлдөрдү уюштуруу.
  • Чөйрө жана социалдык маселелер боюнча кыскача балдар фильмдерин чыгаруу.
  • Көзөмөл жана таасирди баалоо.