CAMP Алатоо инновациялык энергоэффективдүүлүк чечимдерин иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча пионер болуп саналат. Биз, ошондой эле үйдү жылуулоо боюнча усталарды окутуп, айыл жерлеринде үйдү жылуулоо үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылабыз. Фонд 2020-жылы Бишкекте ачылган цехтин негизинде энергоэффективдүү жана экологиялык жактан таза мештерди жана төмөн басымдагы казандарды («Жалын») өндүрүүнү жолго койгон. Мини-өндүрүш концепциясынын аркасында мештердин баасы төмөндөтүлүп, элге жеткиликтүү технологияларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Фонд ошондой эле туруктуу энергияны пайдалануу жана өндүрүү боюнча айылдык жамааттар арасында маалымдуулукту жогорулатуу максаттарын аткарат.
Тоолуу коомдордун жашоо шарттарын жакшыртуу энергия ресурстарынын жеткиликтүүлүгүн, ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун, ошондой эле энергия эффективдүүлүгүн ар кандай мамилелер жана куралдар аркылуу жогорулатуу менен ишке ашырылат.
Мамилелер:
Куралдар:
Иштелип чыккан санариптик куралдар: