Климаттын өзгөрүшүнө адаптация

Энергоэффективдүүлүк

CAMP Алатоо инновациялык энергоэффективдүүлүк чечимдерин иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча пионер болуп саналат. Биз, ошондой эле үйдү жылуулоо боюнча усталарды окутуп, айыл жерлеринде үйдү жылуулоо үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылабыз. Фонд 2020-жылы Бишкекте ачылган цехтин негизинде энергоэффективдүү жана экологиялык жактан таза мештерди жана төмөн басымдагы казандарды («Жалын») өндүрүүнү жолго койгон. Мини-өндүрүш концепциясынын аркасында мештердин баасы төмөндөтүлүп, элге жеткиликтүү технологияларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Фонд ошондой эле туруктуу энергияны пайдалануу жана өндүрүү боюнча айылдык жамааттар арасында маалымдуулукту жогорулатуу максаттарын аткарат.

Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун контекстиндеги энергоэффективдүүлүк – бул энергияны экологияга терс таасирлерди азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине туруктуулукту жогорулатуу максаттарына жетүү үчүн эң оптималдуу жана натыйжалуу пайдалануу жөндөмү деп аныкталат.

Мамилелер:

  • Билим берүү программалары жана маалымат өнөктүктөрү энергияны рационалдуу пайдалануунун жана туруктуу практикалардын зарылдыгы жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатат.
  • Турак жай имараттарын модернизациялоо жана алардын энергетикалык көрсөткүчтөрүн жакшыртуу аркылуу энергия керектөөнү жана парник газдардын бөлүнүп чыгышын азайтуу.
  • Таза жана туруктуу энергия чечимдерин электр тармагына интеграциялоо көмүртек отундарына көз карандылыкты азайтып, айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин төмөндөтөт.
  • Энергоэффективдүүлүктү жана кайра жаралуучу энергияны колдонууга түрткү берүүчү каржылык чараларды жана механизмдерди киргизүү.
  • Үзгүлтүксүз мониторинг аркылуу имараттардын жылуулоо жана кайра жаралуучу энергия чараларын ишке ашыруунун маанилүүлүгүн көрсөтүү.

Куралдар:

  • Үй чарбаларында энергияны үнөмдөө боюнча окутуу жана маалымат өнөктүктөрүн жүргүзүү.
  • Энергоэффективдүү имараттардын ийгиликтүү мисалдарын көрсөтүү.
  • Дубалдарды жана чатыры жылуулоо, терезелерди жана эшиктерди энергоэффективдүү варианттарына алмаштыруу.
  • Жогорку эффективдүү жылытуу, желдетүү жана жарык берүү системаларын орнотуу.
  • Энергоэффективдүү технологиялар үчүн пайызсыз насыяларды берүү максатында айланма фонддорду түзүү.
  • Энергоэффективдүүлүктү илгерилеткен стандарттар жана имарат эрежелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
  • Булгоочу заттардын бөлүнүп чыгышын баалоо үчүн газ анализин үзгүлтүксүз өлчөө. Колдонулган чаралардын эффективдүүлүгүн баалоо жана зарыл учурда алардын оңдолушу.
  • Минималдуу эмиссиясы бар жылуулук берүүчү аз кысымдагы казандар жана энергияны үнөмдөөчү мештердин моделдерин иштеп чыгуу.