CAMP Алатоо инновациялык энергоэффективдүүлүк чечимдерин иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча пионер болуп саналат. Биз, ошондой эле үйдү жылуулоо боюнча усталарды окутуп, айыл жерлеринде үйдү жылуулоо үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү камсыз кылабыз. Фонд 2020-жылы Бишкекте ачылган цехтин негизинде энергоэффективдүү жана экологиялык жактан таза мештерди жана төмөн басымдагы казандарды («Жалын») өндүрүүнү жолго койгон. Мини-өндүрүш концепциясынын аркасында мештердин баасы төмөндөтүлүп, элге жеткиликтүү технологияларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Фонд ошондой эле туруктуу энергияны пайдалануу жана өндүрүү боюнча айылдык жамааттар арасында маалымдуулукту жогорулатуу максаттарын аткарат.
Энергоэффективдүү технологияларды жана практикаларды ишке ашыруу энергияны керектөөнү азайтууга чоң мүмкүнчүлүк берет, бул өз кезегинде казылып алынуучу отундардын күйүүсүнөн келип чыккан аба, суу жана топурак булгануусун чектейт. Бул табигый ресурстарга болгон суроо-талапты азайтат, анын натыйжасында табигый чөйрөлөрдүн бузулушу минимумга жетип, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн зарыл болгон экосистемалардын сакталып калышына шарт түзүлөт.
Мамиле:
Куралдар: