«Жерлердин деградациясын жана жайыт системаларында жер ресурстарын туруктуу башкарууну биргелешип баалоо»

  • Ишке ашыруу мезгили: 2019 - 2020
  • Донордук уюм: ФАО-ГЭФ
  • География: Чуйская, Иссык-Кульская, Ошская и Нарынская области, Кыргызская Республика
2019-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде, САМР Алатоо КФ сыналган методологияны жайыттарда туруктуу пайдалануунун деградациясын баалоо үчүн методологияны ылайыкташтырылган. Кыргызстан бул ыкма колдонулган өлкөлөрдүн катарында болгон. Бул жеке өлкөлөрдө жайыттардын ар кандай түрлөрүн баалоого багытталган. Демек, бул ыкманын натыйжалуулугун текшерүү үчүн, ар кандай географиялык диапазонундагы өлкөлөр, Африкадан (Буркина-Фасо, Кения, Нигерия) Түштүк Америкада (Уругвай) жана Борбордук Азия (Кыргызстан) тандалган.

Даярдоо иштерине семинарларды өткөрүү камтылган, анын жүрүшүндө маалыматтар чогултулган жана алардын негизинде өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ар бир пилоттук аймак үчүн баалоо баракчалары даярдалган. Баалоо жүргүзүү тобу КР Айыл чарба, кайра иштетүү жана мелиорация министрлигинин алдындагы Жайыт департаментинин, Жайыт жана мал чарбачылыгы институту, Кыргыз агрардык университетинин өкүлдөрүнөн жана «САМР Алатоо» коомдук фондунун кызматкерлеринен турган.

Жердин деградациясын жана Кыргызстандын жайыттарындагы жер пайдаланууну баалоо.

Жерлердин абалына мониторинг бардык түрдөгү 782 жайыт тилкесинде жүргүзүлгөн, бул абдан кеңири маалымат алууну камсыздаган. Анын негизги түрү жайкы жайыттар болду. Бир айыл аймактын жайкы жайыттарында эң аз дегенде 10 мониторинг жайлары тандалып алынган. Ошол эле учурда күзгү, кышкы жана жазгы жайыттардагы андай орундардын саны болгону 10 чекитти түзгөн, себеби бул жайыт түрлөрү ошол эле бир аймакта жайгашкан. Ар бир район боюнча кайра эсептөөдө төмөнкүдөй сандар алынган:

  1. Алай, Чоң-Алай - 177 мониторинг чекити
  2. Суусамыр -166 мониторинг чекити
  3. Сырты – 137 мониторинг чекити
  4. Ак-Сай, Арпа жана Соң-Кол - 302 мониторинг чекити

Жыйынтыгы:

Жер-жерлердеги талаа изилдөөлөрү убагында сапаттык көрсөткүчтөрдөн тышкары айрым сандык көрсөткүчтөрү дагы талдоого алынган. Бул базалык иштеп чыгууну жана мониринг боюнча болочок иш-чараларды өркүндөтүүгө, ошондой эле, объектилер ортосунда кайчылаш талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берди.

Ошол көрсөткүчтөрдүн топтому аркылуу ар бир тилкеде жылаңач кыртыштын пайыздык катышы, жегиликтүү өсүмдүктөрдүн мал жебеген түрлөрү менен катышы, өсүмдүктөрдүн орточо бийиктиги ж.б. бааланган.

Алынган маалыматтар төмөнкүдөй тенденцияны аныктады:

  • Жер бетинин өсүмдүк каптоосу (проекциялык каптоо) дениз денгээлинен 2500 жана 3000 метр аралыгындагы орточо бийиктик зоналарында эң жогорку болуп саналат; ылдыйкы жана жогорку зоналарда бул көрсөткүч төмөндөйт.

  • Өсүмдүктөрдүн жегиликтүүлүгү менен деңиз деңгээлинин бийиктиги ортосунда дагы өз ара катыш бар. Жегиликтүү өсүмдүктөрдүн саны деңиз деңгээлинен бийиктиктен ылдыйлоо менен төмөндөйт.

  • Жайыт чөп түрлөрүнүн уруктардын пайда болушу жана өнүп чыгышынын далили деңиз деңгээлинен жогорку бийиктикте терс корреляцияны көрсөттү. Төмөнкү зоналарда өсүмдүктөрдүн уругунун саны орточо, орто зонадан тартып урук байлаган өсүмдүктөрдүн саны азая баштайт. Белгилей кетчү жагдай, ушул мүнөздөмө менен бардык түрдөгү өсүмдүктөр, анын ичинде, мал жебеген түрлөр дагы бааланган.

  • Жайыт пайдалануучулардын жайыттын абалын кабылдоосу дагы бийиктикке байланыштуу. Алар улам бийиктеген сайын жайыттар жакшырат деп эсептешет. Муну жайыт пайдалануучулар үчүн өсүмдүктөрдүн жегиликтүүлүгү негизги көрсөткүч болуп саналгандыгы менен түшүндүрүүгө болот, ошондуктан жайыт пайдалануучулар тарабынан жайыттын абалын кабылдоо көрсөткүчү жана жайыт өсүмдүктөрүнүн жегиликтүүлүк көрсөткүчү окшош тенденцияга ээ болушу мүмкүн.