«Кыргызстан менен Тажикстандагы суу жана жайыт ресурстары үчүн чыр-чатактарды кыскартуу»

  • Ишке ашыруу мезгили: 2015 - 2016
  • Донордук уюм: Правительство Великобритании, Программа поддержки развития горных сообществ Кыргызстана (MSDSP) Фонда Ага-Хана
  • География: Баткенская, Ошская, Джалал-Абадская и Нарынская области, Кыргызская Республика
Кыргызстан менен Тажикстан айыл жеринде дыйканчылык жана мал чарбачылыгы негизги киреше булагы болгон эки коңшу тоолуу өлкө. Региондогу башка елкелер менен катар эки республика тец жаратылыш ресурстарын башкаруунун жацы системаларына етууде кыйынчылыктарга дуушар болууда. Бул процесс постсоветтик факторлор менен татаалдаштырылган, мисалы, мамлекеттердин инфраструктуралык өз ара көз карандылыгы жана трансчегаралык эркин мал жаюу практикасы. Кыргызстанда жайыттарды башкаруу реформасы 2009-жылы башталганына карабастан, жаратылыш ресурстарын башкаруунун туруктуу болушу үчүн жетиштүү убакыт өткөн жок. Муну өлкөнүн бардык аймагында болуп жаткан жайыт ресурстары боюнча чыр-чатактар далилдеп турат. Буга байланыштуу трансчегаралык аймактар өзгөчө аялуу деп эсептелет.

Жайыттарды жана табигый ресурстар үчүн биргелешкен башкарууга негизделген долбоор анын туруктуулугун камсыздаган экономикалык, социалдык жана экологиялык өңүттөрдү эске алган.

Долбоордун аткаруучусу – беш уюмдан турган концорциум, анда «CAMP Алатоо» КФ жайыттарды пайдалануу пландарын башкаруу жана жайыт жерлердин инфратүзүмүн кошкондо жайыттарды пайдалануу пландары үчүн 30 жайыт комитеттеринин институттук жана финансылык потенциалын жакшыртуу жоопкерчилигин алган. Ушул милдетти жүзөгө ашырууда жайыттарды жана ресурстар үчүн чыр-чатактарды башкаруу боюнча сыноодон өткөн инструменттер жана ыкмалар пайдаланылды, о.э. жайытка монинторинг жасоо жана сыйымдуулуун баалоо жүргүзүүнүн жаңы усулдары сыналды.

Долбоордун максаты – максаттуу жамааттарда суу жана жайыт ресурстарына жеткиликтүүлүктү жана натыйжалуу башкарууну жакшыртуу.

• пилоттук 30 жайыт комитеттери үчүн жайыттарды пайдалануу пландарын жана башкаруу пландарын иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү;

• КР жайыттар жөнүндө мыйзамы боюнча колдонмо басып чыгаруу;

• жайыт инфратүзүмүнүн объектилерин калыбына келтирүү жана куруу;

• 30 жайыт комитети үчүн жайыттарга мониторинг жасоо жана сыйымдуулугун баалоо боюнча отчетторду даярдоо;

• төрт облустагы 30 жайыт комитетинин 348 мүчөсү, анын ичинде 64 аял – жайыттардагы чыр-чатактарды башкаруу жана басаңдатуучу чараларды аныктоо маселелери боюнча 15 жумушчу кеңешмеге катышты;

• 4 жумушчу топ жайыт комитеттери менен бирге көрсөтмөлүү мониторинг тилкелери үчүн жайыттарга тосмолорду орнотушту. Долбоордун жыйынтыгы жана өнүмдөрү жана алынган тажрыйбалар Кыргызстандын жайыттарын туруктуу башкаруу жана натыйжалуу пайдалануу жаатындагы кызыктар тараптардын Координациялык кеңешинин жыйындарында, ошондой эле, мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдарга, ӨЭУ жана жарандык активисттерге жайылтылды.