«Жаңгак-мөмөлүү токойлорду жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү калкты катыштыруу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу»

  • Ишке ашыруу мезгили: 2014 - 2018
  • Донордук уюм: Германское общество по международному сотрудничеству (GIZ) по поручению Федерального Министерства экономического сотрудничества и развития Германии (BMZ)
  • География: Базар-Коргонский район, Джалал-Абадская область, Кыргызская Республика
Токойлор Кыргызстандын улуттук байлыгы катары мамлекеттик менчик болуп саналат жана экономикада жана экологиялык шарттарды жакшыртууда маанилүү роль ойнойт. Жалал-Абад жана Ош облустарындагы уникалдуу жаңгак токойлору өзүнүн тунук кооздугу жана ээлеген аянтынын көлөмү боюнча дүйнөдө жалгыз болгон эң баалуу токой аймактарынын бири.

Акыркы он жылдыктарда жаңгак токойлору ашыкча жогорку антропогендик басымдын таасири алдында келе жатат, андан тышкары, мында жайыт жана токой ресурстарын пайдалануу боюнча карама-каршы институттук жана укуктук алкактар, колдонуудагы мыйзамдар менен ченемдердин ишке киргизүүнүн начардыгы, ресурстарды пайдалануучулар менен жергиликтүү башкаруучу институттар ортосундагы чыр-чатактардын көбөйүшү дагы башкы көйгөйлөр болуп саналат. Токой жана жайыт ресурстарын туруктуу башкаруу боюнча укуктук жана институттук моделдерди иштеп чыгуу жана ишке ашыруу табигый ресурстарды сактоого жана алар үчүн чыр-чатактардын алдын алууга көмөк көрсөтөт.

Долбоордун максаты, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга жана жергиликтүү калктын кирешелерин жогорулатууга колдоо көрсөтүү үчүн Кыргызстандын түштүгүндөгү токойлор менен жайыттарды туруктуу башкаруунун заманбап жана сарамжалдуу моделдерин колдонууга киргизүү.

Мамлекеттик токой фондусунун (МТФ) жайыттарын башкарууну жакшыртуу үчүн башкаруунун жаңы ыкмасы иштелип чыкты. Анда жайыт маселелери боюнча чечим кабыл алуунун жүрүшүнө жергиликтүү калкты тартуу каралган. Бул ыкма биринчи кезекте жергиликтүү жамааттын төмөнкүдөй зарыл көйгөйлөрдү чечүүгө активдүү катышуусун камсыздайт:

  • жайыт пайдалануучулар арасында жайыт тилкелерин адилет бөлүштүрүү;

  • жайыт тилкелерине малды жаюунун басымын төмөндөтүү;

  • кабыл алынган чечимдерди аткарууга коомдук көзөмөл;

  • ээлик кылуу сезимин камсыздаган биргелешкен чечимдерди кабыл алуу.

  • МТФ жайыттарын башкаруу боюнча жаңы модель Базар-Коргон районунун эки токой кызматынын аймагында (Кызыл-Үңкүр жана Ачы) сыноодон өткөрүлдү;
  • модель 2016-жылы КР КТЧКТЧМА директорунун буйругу менен бекитилген;
  • Базар-Коргон районунун деңгээлинде райондук жайыт комиссиясы (РЖК) түзүлгөн;
  • долбоор тарабынан Мамлекеттик токой фондунун жайыттарын башкаруу боюнча пландарда көрсөтүлгөн инфратүзүмдүк иш-чаралар колдоого алынган: токой чарбаларда көпүрөлөр жана мал сугаруу пункттары курулган, малды айдап өтүүчү жерлерге тосмолор орнотулган;
  • Grazing Response Index (мал жаюунун жайыттарга тийгизген таасири) ыкмасынын негизинде жайыттарды которуштуруп (ротация) пайдаланууну сыноо максатында Кызыл-Үңкүр жана Ачы токой кызматтарынын аймактарынан эки жайыт тилкеси тандалып алынган.