«Кыргыз жайыт комитеттеринин пайдалануусу үчүн GRI ыкмасынын негизинде жайыттарды башкаруу пландарын иштеп чыгуу»

  • Ишке ашыруу мезгили: 2016 - 2018
  • Донордук уюм: Лесная Служба США (Forest Service, USA)
  • География: Нарынская, Чуйская, Ошская, Джалал-Абадская области, Кыргызская Республика.
2009-жылы Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынышы менен республиканын бардык аймагында жайыт комитеттери түзүлгөн. Алардын негизги милдети жерди башкаруу боюнча жамааттык пландарды иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу аркылуу жайыттардын деградацияланышына жол бербөө үчүн аларды туруктуу башкаруу болгон.Бирок, Жайыт комитеттеринин маалымдуулугу төмөн болгондуктан, алардын мүмкүнчүлүктөрүнө жараша түзүлгөн жайыттарды пайдалануу пландары реалдуулукка жооп берген жок. Мындан тышкары, жайыт комитеттери ресурстарды жана инфраструктураны пайдалангандыгы үчүн төлөмдөрдү чогултуунун эсебинен ишке орношкондугуна байланыштуу жергиликтүү жайыттардын абалынан кабардар эмес.Мына ушулардын негизинде малды жайытта багуунун пландарын иштеп чыгуунун азыркы практикасын алмаштыруу учун келечекте иштелип чыккан женекей жана ошол эле учурда туурараак мамилени иштеп чыгуу зарылчылыгы келип чыкты.

GRI усулу биздин ата бабалардын жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө салттуу билимине окшош. Албетте мурда эч ким мал жаюунун так эсебин алган эмес жана маалыматтарды документке түшүргөн эмес, бирок малчылар ар бир тилкенин вегетациялык мезгили жөнүндө жакшы билген жана жайытты айласыз абалга чейин жеткирген эмес. Бирок бүгүн мындай билимдерге көңүл бурулбай калгандыктан жерге туура эмес мамиле жайыттардын деградациясына алып келди.

Долбоордун максаты – жайыттардын деградациясына каршы күрөшүүдө мал жаюуну пландаштыруу процессин жеңилдетүү үчүн Мал жаюунун жайыттарга тийгизген таасири (GRI) ыкмасын Кыргызстандын шарттарына ыңгайлаштыруу. Бул ыкма жайыттарды ар жылкы пайдаланууну сүрөттөө, мал жаюунун таасирин түшүндүрүү жана мал жаюуну кийинки жылга пландоого жардам берүү үчүн иштелип чыккан. Пайдалануучу жайыт аймагын үч же андан көп тилкелерге бөлөт. Бул усулду аткаруу үчүн мал жаюунун күндөрү, вегетациялык мезгил жөнүндө маалыматтар, о.э. мал откоруудан кийинки жайыттын абалын баалоо зарыл.

  • Мал жаюудан кийинки жайыттын абалына жайыт комитетттери жана жайыт пайдалануучулар менен бирге баалоо жүргүзүү;
  • Долбоор иштеген аймактагы тилкелердин картасын санариптештирүү.