- 
                Ишке ашыруу мезгили: 2019 - 2020              
- 
                Донордук уюм: ФАО-ГЭФ              
- 
                География: Кочкор району, Нарын облусу, Кыргыз Республикасы              
 
         
        
          Долбоордун мезгилинде питомниктерди уюштуруу жана өнүктүрүү боюнча окуу жана практикалык иш-чаралар өткөрүлдү.        
        
          
          Долбоор бир нече багытта ишке ашырылды:
	- Улуттук аракет пландын алкагында БУУнун чөлгө айланууга каршы күрөшүү Конвенциясын жүзөгө ашыруу маселелери боюнча кызыктар тараптардын маалымдуулугун жогорулатуу;
- питомниктерди түзүү;
- натыйжалуу жер пайдалануу үчүн заманбап ыкмаларды колдонууга киргизүү;
- окуучулар менен педагогдордун жашылдандыруу багытындагы билимдерин жогорулатуу жана мектептерде мини-питомниктерди түзүү.
 
        
          
          Долбоор Чүй жана Талас облустарында питомниктерди түзүү боюнча технологияларды колдонууга киргизүү аркылуу жерлерди деградациядан коргоого багытталган.
         
        
          
          
	- Токой чарбалардын өкүлдөрүн жана жеке ишкерлерди топурак кыртышын – жана суу сактоочу технологияларды колдонуу жана жердин деградациясынын алдын алуучу ыкмалар боюнча билимдерге жана көндүмдөргө окутуу;
- Фрунзе жана Талас токой чарбаларынын жана Чүй жана Талас облустарындагы эки жеке менчик бакчачылык чарбаларынын аймагында жалпы аянты сегиз гектар 4 питомник түзүү жана аларга 27 миң карлик жана жарым карлик клондолгон алма дарагынын калемчелерин, 3000 ашык мөмө-жемиш, ийне жалбырактуу жана кооздук дарактардын көчөттөрүн тигүү;
- Педагогдор жана окуучулар үчүн жашылдандыруу жана мектептерде мини-питомниктерди түзүү боюнча тренингдерди өткөрүү;
- Фрунзе жана Талас токой чарбаларына жана Талас облусундагы жеке менчик фермага мотоблок жана тосмо тосуу үчүн материалдарды алып берүү.