Долбоордун баштапкы этабында улуттук саясатка жана табигый ресурстарды интеграцияланган башкаруунун (ТРИБ) элементтерин пайдалануу боюнча негизги факторлорго талдоо жана ТРИБ концепциясын КР жер, суу жана токой ресурстарын башкаруу жаатындагы айыл чарбасын өнүктүрүү стратеиясына кошуу боюнча жумуштар жүргүзүлгөн.
Мамлекеттик түзүмдөрдүн башкаруучулук потенциалын жогорулатуу жана кайрак жана шор баскан айыл чарба жерлеринин деградациясына каршы күрөшүүнүн жаңы ыкмаларын жана технологияларын колдонуу жана жаратылыш ресурстарын башкаруу тажрыйбасын кеңейтүү.
№ 1 жыйынтык – кургакчылыкка каршы күрөшүү чаралары жана ушул климаттык кубулуш келип чыккан учурларга өлкөнүн даярдыгы жөнүндө улуттук документтер иштелип чыкты жана жаңыланды.
№ 2 жыйынтык - чөлгө айлануу, жерлердин деградациясы жана кургакчылыктын көйгөйлөрүн аныктоо жана баалоо, ошондой эле, факт жүзүндөгү маалыматтардын негизинде чечимдерди кабыл алуу үчүн карта түзүү максатында КР АЧМ адистери менен биргеликте иш жүргүзүү. Ушул милдетти ишке ашыруу үчүн долбоор жер ресурстарын туруктуу башкаруу жаатындагы жаңы көндүмдөргө жана технологияларга үйрөтүү үчүн министрликтин жана башка түзүмдөрдүн кызматкерлеринин потенциалын жогорулатты. Жердин үстүңкү кыртышын бузуу процесстеринин алдын алуу жана басаңдатуу үчүн ФАО иштеп чыккан төмөнкүдөй инструменттерди үйрөнүү боюнча 100 ашык адис 5 улуттук семинарларга катышты:
№ 3 жыйынтык – климаттык өзгөрүүлөргө ылайыкталган жайыттарды башкаруу планын даярдоодо жергиликтүү жамааттарды окутуу өзүнчө долбоор болуп калды. Пилоттук Кочкор районунда (Нарын облусу) жергиликтүү фермерлер жана малчылар жайыттарды башкаруу планын иштеп чыгышты жана өздөрүнүн чарбаларынын климаттык термелүүлөргө туруктуулугун SHARP инструментинин жардамы менен баалашты.
Чолпон, Көк-Жар, Сары-Булак, Талаа-Булак, Кош-Дөбө айыл аймактарынын жамааттары үчүн «CAMP Алатоо» КФ адистери топурак кыртышын – жана суу сактоочу технологияларды пайдалануу боюнча окутуу өткөрүштү. Жашоочулар теориялык билимден тышкары, долбоор алкагында каржыланган кичи долбоорлорду даярдоо мүмкүнчүлүүн алышты. Бул климаттын өзгөрүүсүнө карата ыңгайлашуу чараларынын алкагында жайыт инфратүзүмүн калыбына келтирүү жана куруу иштери болуп калды.
Кочкор районунун фермерлери дагы долбоордун колдоосун алышты. Жергиликтүү айыл чарба өнүмдөрүнүн кошумча нарк тизмегин (КНТ) изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча «САМР Алатоо» КФ адистери жана эксперттер, эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана картошка өстүрүү ошол аймак үчүн артыкчылыктуу экенин аныкташты. Тоют базасын көбөйтүү жана жайытка басымды төмөндөтүү үчүн КНТ каржылоо механизмин иштеп чыгышты жана аны фермерлерге сунушташты. Мында райондо жогорку сапаттуу үрөндөн алдыңкы технологияларды колдонуу менен арпа, люцерна жана эсперцетти өстүрүү боюнча бир нече көрсөтмөлүү тилкелерди түзүү идеясы камтылган.
Жер ресурстарынын деградациясына, ирригациялык тармактардын начар абалына, сугат суунун тартыштыгына, жердин шорго жана сазга айлануусуна, мал жаюу шарттарынын бузулушуна байланышкан жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү үчүн табиый ресурстарды башкаруу жаатында сектор аралык кызматташуунун чыңдоо боюнча райондук комиссиянын түзүлүшү дагы бир натыйжа болуп калды. Ушул коомдук органдын курамына мамлекеттик жана райондук бийлик органдарынын, фермердик чарбалардын, жарандык уюмдардын, ишкерлердин өкүлдөрү кирди.