«Түндүк Кыргызтандагы табигый ресурстар үчүн чыр-чатактардын алдын алуу жана басаңдатуу»

  • Ишке ашыруу мезгили: 2015 - 2017
  • Донордук уюм: Институт мира США
  • География: Ак-Талинский район, Нарынская область, Кыргызская Республика
Айыл жериндеги чыр-чатактын себептеринин арасында ресурстардын бирдей эмес бөлүштүрүлүшү, алардын тартыштыгы, ошондой эле ресурстарды пайдалануу жана бөлүштүрүү боюнча карама-каршы мыйзамдык базалар бар. Сугат суулары, жайыттар, айдоо жерлер, токойлор - бул табигый пайдалар айыл жериндеги жашоо-тиричиликке түздөн-түз таасирин тийгизет. Дыйкандар ресурстарды экономикалык пайданын булагы катары пайдаланып, бири-бири менен атаандашат.Мисалы, малдын көп болушу жайыттын жетишсиздигин шарттайт, анын натыйжасында чөп өсүмдүктөрүнүн азайышы жердин бузулушуна алып келет.

Жергиликтүү коомчулук көбүнчө чыр-чатактарды натыйжалуу башкаруу жана басаңдатуу үчүн зарыл билимге жана көндүмдөргө ээ эмес. Ошондуктан калктын ушул жааттагы дараметин өнүктүрүү жана күчөтүү, ошондой эле, чыр-чатактуу кырдаалдарды башкаруу ыкмалары жана көндүмдөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу зарыл.

Долбоордун максаты, суу, жайыт жана токой булактарына басым жасоо менен суу бассейни деңгээлинде табигый ресурстарды туруктуу башкаруу боюнча аймактык кеңештин түзүү жана иштешин камсыздоо боюнча мамилени жакшыртуу.

Долбоор жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу максатында жергиликтүү калктын ишмердүүлүгүн кооординациялоону жакшыртууга багытталан. Бул биологиялык ар түрдүүлүктү, киреше булактарынын туруктуулугун сактоо, табигый ресурстарды пайдалануудан улам келип чыккан чыр-чатактуу кырдаалдарды азайтуу, о.э. ресурстарды пайдалануунун салттуу жана башка түрлөрүнүн ортосундагы координациялоо механизмдерин иштеп чыгууга көмөктөшөт.

• табигый ресурстарды пайдалануучулар арасындагы ишмердүүлүктү координациялоону жакшыртуу;

• максаттуу топтордун маалымдуулугун жогорулатуу;

• айылдык аймактын жана суу бассейнинин деңгээлинде жаратылыш ресурстарын башкаруу пландарын климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашуу жана чыр-чатактарды басаңдатуу маселелерин интеграциялоо менен иштеп чыгуу;

• аймактык Кеңештин туруктуу иштөө планын иштеп чыгуу;

• иштелип чыккан пландардын негизинде кызыктар тараптардын ортосундагы чыр-чатактарды басаңдатуу боюнча кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү аныктоо;

• суу бассейнинин деңгээлинде жаратылыш ресурстарын интерацияланган башкаруу институтун түзүүнү караган ыкманы сыноодон өткөрүү.