«Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы экологиялык билим берүү жана жарандык илим»

  • Ишке ашыруу мезгили: 2015 - 2018
  • Донордук уюм: Сеть по Развитию Открытой и Совместной Науки, Германское общество по международному сотрудничеству, Фонд Кристенсена, Фонд Сообществ Силиконовой Долины
  • География: Нарынская область, Кыргызская Республика
Мектептерде билим берүүнүн деңгээли, өзгөчө алыскы тоолуу райондордо квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигинен, мугалимдердин эмгек акысынын аздыгынан, окутуунун жаңы ыкмаларынын жоктугунан жана Кыргызстандын бүткүл аймагындагы мектептердин техникалык жактан начар жабдылышынан улам начар. Көпчүлүк орто мектептерде жабдуулар жана лабораториялар СССР тарагандан бери жаңыланбай, азыркы учурда абал начарлап баратат. Натыйжада студенттер биология, физика, химия, экология, жаратылыш тарыхы жана география сыяктуу предметтерди техникалык каражаттарды жана инновациялык, интерактивдүү ыкмаларды колдонуу менен практика жүзүндө үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок, алар окууну көбүрөөк маалыматтуу жана кызыктуу кылат. Ал эми азыркы учурда маалымат технологиялары кеңири өнүккөндүгүнө карабастан, ар кандай окутуу ыкмаларын Интернеттен үйрөнүүгө болот, билимдин, көндүмдөрдүн жана компьютердик технологиянын жетишсиздиги бул мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга мүмкүндүк бербейт. Мындан тышкары, жаратылыш ресурстарын башкаруу боюнча экологиялык маалымдуулук, экосистемалардын түшүнүгү жана ролу, анын ичинде Кызыл китепке кирген жаныбарларды коргоо жана сактоо, тоолуу жамааттар алардын түздөн-түз пайдалануучулары болгонуна карабастан, кыйла төмөн деңгээлде калууда.

Долбоордун өзгөчөлүгү жарандык илимди пайдалануу ыкмасында, башкача айтканда, илимий маалыматтарды чогултууга, талдоого жана түшүндүрүүгө катардагы адамдарды – окуучуларды, мугалимдерди жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерди тартуу. Жергиликтүү деңгээлдеги, айрыкча жетүүгө кыйын аймактардаы экологиялык маалыматтардын чектелүүлүгүн эске алганда, бул ишке тартылган ошол жарандар үчүн абдан баалуу мүмкүнчүлүк, себеби алар өздөрүн курчап туран чөйрө жөнүндө түшүнүгүн кеңейтет жана жергиликтүү деңгээлдеги экологиялык өзгөрүүлөрдү талкуулоого жана көңүл бурууга илимий негиздерди алышат.

Долбоор жарандык изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу жергиликтүү айлана-чөйрө менен таанышуу жана алынган маалыматтарды бардык каалоочуларга жеткиликтүү кылуу, ошондой эле, курчап турган чөйрөгө тиешелүү чечимдерди маалымдуулук менен кабыл алуу үчүн Кыргызстандын тоолуу райондорундагы экологиялык билимдин деңгээлин жогорулатуу максатын көздөйт.

Экологиялык билим берүү компоненти «Борбордук Азиянын бийик тоолуу аймактарындагы климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашуу үчүн экосистемалык ыкма» жана «Жайыттарды башкаруунун интеграцияланган пландарын жергиликтүү жамаат менен иштеп чыгуу аркылуу илбирсти коргоо» долбоорлорунда пайдаланылган.

Башкача айтканда, экологиялык маселелер түздөн-түз тажрыйбалык эксперименттер жана интерактивдүү көнүгүүлөр аркылуу каралат, бул темаларды, экологиялык башкарууну жана пландоону алда канча терең түшүүнүүгө түрткү берет.

«Сууну эксперименттер аркылуу изилдеп үйрөнүү», «Өсүмдүктөрдүн фенологиясы жана климат», «Илбирсти коргоо жана сактоо» практикалык колдонмолору «Экологиялык билим берүү» компонентинин негизги өнүмдөрү болуп саналат. Колдонмо орто мектептер үчүн белгилүү бир тематикада эксперименттерди жана көнүүүлөрдү жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөрдү камтыйт.

Колдонмолор долбоор алкагындагы пилоттук мектептер менен биргелешкен эксперименттерди иштеп чыгуу, аларды сыноодон өткөрүү, мугалимдер үчүн тренингдерди уюштуруу, маалымат чогултуу, аларды иштеп чыгуу жана жыйынтыктарын билим берүү көргөзмөлөрүнө чыгарууну камтыган иш-чараларды жүргүзүүнүн негизинде түзүлөт. Отчеттук мезгил аралыгында мындай иш-чаралар Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунун 12 мектебинде өткөрүлдү.

«Суу аркылуу: Нарын мектептериндеги жарандык изилдөөлөр» социалдык-билим берүү көргөзмөсү долбоордун дагы бир жыйынтыгы болуп калды, анда катышуучулар өздөрүнүн изилдөөлөрүн макет, видеоролик, инсталляция, суунун касинтетинин өзгөрүү модели ж.б.у.с түрүндө көрсөтүштү.

Өз айылдарындагы суу ресурстарын талдоо жана изилдөө боюнча тажрыйбалардын негизинде окуучулар даярдаган, мектеп долбоорлорунун документи болуп саналган, социалдык-билим берүү көргөзмөсү темасына арналган «Суу аркылуу» электрондук китеби кошумча чыгарылды. Ошондой эле суу жана фенология колдонмолорунун базасында «Суу организмдери» жана «Өсүмдүктөрдүн фенологиясы» мобилдик тиркемелери даярдалууда. Аталган тиркемелер жарандык изилдөөлөрдүн натыйжасында жыйналган маалыматтарды чогултуу, түшүндүрүү жана алмашуу үчүн платформа катары кызмат өтөйт. Тиркемелерди уюлдук телефондорго Play Market сервиси аркылуу көчүрүп алууа болот.