Салымдар

Ысык-Көл облусунун жамааттары биологиялык ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоо жолдорун өздөштүрүүдө

Тоң районунун жашоочулары туш болуп жаткан экологиялык көйгөйлөр, жергиликтүү флора жана фаунанын түрлөрүнүн азайышына алып келет. Жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсү ашыкча мал жаюудан деградацияга кабылат, шалбаалар айыл чарба айдоо аянттарына жана жайытка айланууда. Кырдаалды оңдоо үчүн жергиликтүү тургундар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана экосистемаларды жакшыртуунун усулдарын үйрөнүп жана иш жүзүндө пайдаланууда.

«Байбоосун» коомдук микро коругунун чек арасында жайгашкан Көк-Сай айылында чычырканак жана бөрү карагат питомнигинин пайда болушу акыркы мисалдарды бири. «CAMP Алатоо» КФ жана Түп токой чарбасынын колдоосу менен айыл жашоочуларын питомникти түптөө жана кам көрүү ыкмаларына үйрөткөн иш-чаралар уюштурулган. Токой чарбанын өкүлдөрү бадалдарды тигүү схемасын көрсөтүштү жана өсүмдүктөрдү көбөйтүүнүн жана чычырканак бакчасына кам көрүүнүн жолдорун айтып беришти. «CAMP Алатоо» КФ адистери чычырканакты экологиялык, өндүрүштүк максатта жана агротокойчулукта пайдалануу жөнүндө бет ачар даярдашты. 

Питомник айылдын аймагындагы корулган тилкеде уюштурулган. Жалпы 1 гектар аянттан 30 сотых жерди чычырканактын «елизавета», «гном», «желе» сортторунун жана жапайы бөрү карагаттын 300 көчөтүн отургузууга бөлүштү. Бөрү карагатты тигүү алдында «CAMP Алатоо» КФ стажерлору, Скрябин ат. КУАУ студенттери андан калемчелерди даярдоо боюнча мастер класс өтүштү. Андан соң чогултулган калемчелерди жанданып кетиши үчүн атайын иштетүүдөн өткөрүштү жана мини парникке жайгаштырышты. Питомник курчап турган чөйрөгө оң таасирин тийгизет жана ушул аймакты жердеген жапайы жаныбарлардын тоют базасын жакшыртат, алардын санынын өсүшүнө таасир этет. 

Питомник экологиялык өңүттөн тышкары жергиликтүү калкка социалдык жана экономикалык пайда алып келет. Чычырканак менен бөрү карагаттын болочок түшүмүнө «Бир айыл-бир өнүм» ассоциацияс кызыктар болууда, алар менен «САМР Алатоо» КФ адистеринин ортосунда кызматташуу жөнүндө алдын ала макулдашуу жетишилген. Көк-Сай айылынын дагы бир потенциалдуу өнүмү курут болушу мүмкүн. Айыл тургундарына жергиликтүү сүттөн өндүрүлө турган ушул азыкты даярдоону өнүктүрүү боюнча бизнес-план сунушталды.