Өз салымыңды кош

Жергиликтүү жамааттар - «САМР Алатоо» КФ иштеп жаткан бардык долбоорлордогу эң башкы багыт болуп саналат. Биз жамааттарды жайыттарга, токойлорго сууга жеткиликтүү кылуу менен табияттын ушул баалуу байлыктарын пайдалануусу үчүн көпүрөлөр, мал сугаруучу пункттар жана оңдолгон жолдор түрүндө шарттарды камсыздап, туура иштеп жатабыз деп ишенип келгенбиз жана ишенебиз. Биз жамааттарга финансылык жана консультациялык жардам беребиз, табигый ресурстарды сарамжалдуу жана аяр башкарууга үйрөтөбүз жана климаттын өзгөрүүлөрүн «даяр түрдө» тосуп алууга жана анын кесепеттерин жеңүүгө окутабыз. Жамааттар менен кызматташуу жана аларды жашоо шарттарды жакшыртуу процесстерине тартуу бизди шыктандырат жана ар түрдүү демилгелерге, анын ичинде, адамдардын өздөрү көтөрүп чыккан сунуш-пикирлерге дагы туруктуулукту ыроолойт.

Ар бир кыргызстандык айылдык жамааттарга алардын идеяларын жана жаратылышты, биологиялык ар түрдүүлүктү, экологияны сактоого умтулган демилгелерин колдоого алуу менен жардам бере алат.