«Тескей Ала-Тоону аралап» атчан сейилдөө туру

«Тескей Ала-Тоону аралап» атчан сейилдөө туру

«Ала-Тоо» - бийик тоо чокуларындагы күнгө чагылышкан мөңгүлөрдү жана кары жок ала-була жерлердин көрүнүшүн түшүндүрөт. Ал эми «тескей» деген сөзү «тоонун түндүккө караган тарабы» деген маанини берет. Көл кылаасында жашаган кыргыздар арасында пайда болгон бул аталыш Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы жалпы тоо массивине карата колдонулат.

Чокуларын ак кар баскан тоолорго атчан сейилдөө жана 3560 метр бийиктиктен Ысык-Көлдүн ажайып көрүнүшү жаңы идеяларды жана эң сонун сезимдерди тартуулайт, жакшы эс алууга жана терс энергиядан арылууга жардам берет.

Ал эми атчан жүрүү боюнча тажрыйбалуу нускоочулар сизди бүткүл сапарда коштоп жүрөт, атты башкарууга жардамдашат жана коопсуздукту камсыздайт.

Маршрут Тескей аймагынын эң кооз жерлерин камтыйт: сапар убагында сиз Байбоосун шаркыратмасы, Тешик-Көл, Көл-Төр, Муз-Көл мөңгү көлдөрү, аңчылардын үңкүрү, Мазар-Таш дары булагы (туура 6 ай гана агат), Тескей Ала-Тоонун эң узун мөңгүсү - Көк-Сайдын керемет көрүнүшүнө күбө болосуз. Ал эми экскурсиянын аягында сиз «Жылуу-Суу» ысык дары булак суусуна түшүп, күчүңүздү калыбына келтире аласыз.

Бийик тоодон өрөөнгө түшкөндө сиз айтылуу Ысык-Көлдүн жылуу кумдуу жээгине туш келесиз.

Алдыда сизди кышында суусу тоңбогон ыййык көлдүн суусуна түшүү, жергиликтүү жашоочулардын каада-салты жана маданияты менен таанышуу күтөт. Жергиликтүү калктын меймандостугу, даамдуу улуттук тамак-аш, жайбаракат жана көңүлдүү баарлашуулар, түнкү тунук асмандагы жылдыздар, көлдүн кечки жана таңкы керемет көрүнүшү, түркүн куштардын үнү, Тескей Ала-Тоонун кырынан булуттарды аралап чыккан күмүш күн нурлары өмүр бою эсиңизде калат.

Включено:

  • Трансфер из аэропорта и в аэропорт
  • Транспорт с водителем
  • Проживание: юрточный лагерь, проживание в семье
  • Питание: завтрак, обед, и ужин, за исключением обедов в кафе 
  • Лошади
  • Горные гиды для сопровождения во время конных прогулок. 
  • Гид