«Көчмөндөрдө конокто» этнотуру

«Көчмөндөрдө конокто» этнотуру

Цивилизациядан бөлүнүп калган, жетүүгө кыйын аймактарда жайгашкан калктуу конуштарга саякатка баруу жана аларды жашоочуларынын маданияты жана каада-салттары менен жакындан таанышуу жана аралашуу «Жайлоо туризми» деп аталат. Интернет ресурстары тастыктагандай, бул багыт так ушул Кыргызстанда, жергиликтүү туроператорлор чет элдик туристтерге «тоолук чабандын боз үйдөгү турмушунда жашап көрүүнү» сунуштаган учурдан тартып пайда болгон.

Биздин тур сизге ушундай тажрыйба алууну сунуштайт – ал үчүн чабандарга конокко барып, цивилизациянын бакубатчылыгынан жана көнүмүш жайлуулуктан алыс жерде бир нече күн өткөрөсүз жана жыйынтыгында эң сонун жана эсте калуучу таасирлерди аласыз.

Көпчүлүк кыргыздар жарым көчмөн турмушта жашайт. Кышында өрөөндөрдө жашайт, ал эми жайкысын тоолорго көчүп барышат. Кыргызстандын тоолуу ландшафттары айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө караганда мал чарбасы үчүн көбүрөөк ыңгайлуу. Жайлоодо жылкы үйүрлөрү, уй бадалары жана кой-эчки оторлору кеч күзгө чейин багылат, алар эң керемет кыртышта өскөн жаңы чөптөрдү оттойт. Чабандар андан айыл чарба фермаларында өндүрүлгөн сүттөн абдан айырмаланган органикалык сүттү саап алышат. Андай сүт азыктары, колдо жасалган «курут» жана ферменттелген бээ сүтүнөн жасалган «кымыз» 100% экологиялык таза азык болуп саналат, алар ашказан, кан басымы ооруларын дарылоочу пайдалуу касиеттерге ээ жана бүткүл организмге оң таасирин тийгизет.

Включено:
  • Трансфер из аэропорта и в аэропорт
  • Транспорт с водителем
  • Проживание: юрточный лагерь, проживание в семье
  • Питание: завтрак, обед, и ужин, за исключением обедов в кафе 
  • Лошади
  • Горные гиды для сопровождения во время конных прогулок. 
  • Гид