«Жайыттарды жана жапайы жаныбарларды интеграцияланган башкаруу аркылуу Ат-Башы районунда биологиялык мурастарды кайра жаратуу»

  • Ишке ашыруу мезгили: 2015 - 2017
  • Донордук уюм: Фонд Кристенсена
  • География: Ат-Башинский район, Нарынская область, Кыргызская Республика
Айыл элинин негизги киреше булагы мал. Жайыттарды сарамжалсыз пайдалануу жайыттардын бардык түрлөрүнүн деградациясына алып келет жана жапайы жаныбарлардын популяциясына жана биологиялык ар түрдүүлүккө терс таасирин тийгизет. Жайыттардын жоктугунан пайдалануучулар менен мергенчилик ишканаларынын ортосунда чыр-чатактар көбөйүп, натыйжада ошол эле жерлерди пайдаланууга мажбур болууда.Мындан тышкары жайыт комитеттери менен мергенчилик ишканаларынын ортосундагы кызматташтыктын жоктугу көптөгөн талаштуу маселелерди жаратууда. Жайыттарды башкаруу, жапайы жаныбарлардын санын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” жана “Аңчылык жана аңчылык чарбасы жөнүндө” мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлүшү керек.

Жайыттарды жана жапайы жаныбарларды интеграцияланган ыкмалардын негизинде башкаруу маселелерин кароо, салттуу билимдерди издөө жана жандандыруу жана ошол жол менен биоартүрдүүлүктү өнүктүрүү ушул долбоордун негизи болуп саналат.

 

Долбоордун максаты – пайдалануучулар жана жайыт комитеттери ортосундагы өз ара мамилени салттуу билимдердин негизинде аңчылыкты жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу.

• чыр-чатактардын алдын алуу жана жалпы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо үчүн жайыт пайдалануучулар менен аңчылык компаниялар ортосундагы диалог платформасын түзүү;

• жайыт комитеттери жана пайдалануучулар менен биргеликте иштелип чыккан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу пландары;

• табигый ресурстарды пайдалануу жаатындагы мыйзамдар боюнча кызыктар тараптардык маалымдуулугун жогорулатуу. Бул жергиликтүү институттардын, бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгүнө гана эмес, ресурстардын өзүнүн абалына дагы оң таасир этет;

• аңчылык чарбалардын аймагын көрсөткөн жана пилоттук айыл өкмөттөрүнүн ортосундагы ички чек аралары бөлүштүрүлгөн картографиялык материалдар;

• «Жайыттар жөнүндө» мыйзамы боюнча экинчи маанидеги жайыт пайдалануучуларга таандык укуктук маселелерге талдоо жүргүзүү, «Аңчылык жана аңчылык чарбачылык жөнүндө» мыйзамы боюнча финансылык каражаттарды бөлүштүрүү маселелерин кароо жана ченемдик-укуктуук актыларда өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн сунуштарды даярдоо.