Жайыт комитеттери менен аңчылыкты пайдалануучулардын кызматташтыгы жана алардын жапайы жаныбарларды өстүрүү үчүн «тынч» зона деп аталган аймактарды эске алуу менен жайыттарды пайдалануу пландарын биргелешип иштеп чыгуусу, жалпы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого өбөлгө түздү. Бул ыкма жайыттарды башкаруу боюнча пландардын бир бөлүгү катары алынган тажрыйбаны башка облустарда жана райондорго жайылтуу, жергиликтүү жашоочуларга жана чечим кабыл алуучу жактарга КР «Аңчылык жана аңчылык чарбалары жөнүндө», «Жайыттар жөнүндө» мыйзамдарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү илгерилетүү үчүн маалымат берүү максатында болочокто ушул сыяктуу долбоорлорго киргизилет.
Долбоор жайыттарды интеграцияланган башкаруунун негизинде биомаданий мурастарды жандандыруу үчүн илбирсти жана башка жапайы жаныбарларды коргоонун ишенимдүү жана туруктуу механизмдерин түзүү максатын көздөйт.
Долбоордун милдеттеринин биринде мыйзамдык базаны кайра карап чыгуу каралган. Ошол ишмердүүлүктүн алкагында КР «Аңчылык жана аңчылык чарбалар жөнүндө» жана «Жайыттар жөнүндө» мыйзамдарына «Кыргыз Республикасынын аңчылык чарбачылык жаатындагы мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору даярдалган. Мыйзамдын долбоору табигый ресурстарды пайдаланууда (жаныбарлар дүйнөсүн сактоону эске алуу менен) жана жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртууда жамааттар менен аңчылыкты пайдалануучулар (аңчылык компаниялары) ортосундагы мамилени жөнгө салуу жана чыр-чатактарды басаңдатууга багытталган.
Мыйзамдык демилге коомдук угуулар убагында жана кызыктар тараптардын катышуусунда Кыргызстандагы жайыт реформасын күчөтүү боюнча Консультациялык координациялык кеңеште талкууланган жана КР өкмөтүнүн кароосуна жиберилген.
Долбоордун ишмердүүлүгү убагында анын жүрүшүнө пилоттук аймакта иштеген 75 жайыт комитетинин мүчөлөрү, 80 чакты аңчылыкты пайдалануучулар, 100 ашык жергиликтүү жашоочулар – аксакалдар, аңчылар, малчылар, 50 педагог жана орто мектептердин окуучулары тартылган.