«Жергиликтүү деңгээлдеги социалдык-экономикалык өнүгүүгө жарандык коом уюмдарынын жана жаштардын катышуусу күчөтүү»

  • Ишке ашыруу мезгили: 2018 - 2020
  • Донордук уюм: Европейский союз
  • География: Лейлекский, Баткенский районы, Баткенская область, Кыргызская Республика
Негизги басым жайыт комитеттеринин мүчөлөрүн жана ресурстарды пайдалануучуларды кийин жергиликтүү жерлерде колдонуу үчүн “жооптуу жайыт индекси” (ЖЖИ) ыкмасына үйрөтүү болду. ЖЖИ жайыттарды туруктуу башкаруунун эффективдүү жана үнөмдүү инструменти болуп саналат.

Жайыт комитеттери жайыттарды башкаруу жана малды жаюу пландарын иштеп чыгууда жайыттардын сыйымдуулугунун көрсөткүчү негиз болгон Мал жаюунун жайыттарга тийгизген таасирин (МЖЖТТ) пайдалануу көндүмдөрүн жетекчиликке алышты. Тажрыйба көрсөткөндөй, жайыт комитеттеринин мүчөлөрү иштин көптүгүнөн жана убакыттан жоктугунан жайыттардын сыйымдуулугун аныктоо эсебин жүргүзгөн жок, ошондой эле, жайыттардын абалына жетиштүү байкоо жүргүзө алган жок.

МЖЖТТ ресурс керектөөчүлөргө жайыттарды пайдаланууга жана вегетациялык мезгил аралыгында мал откоруунун кесепеттерине байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Өсүмдүктөрдүн физиологиясын жана мал жаюуга карата таасир көрсөтүүсүн түшүнүү жайыттарды башкаруу планын иштеп чыгууга чоң мааниге ээ болот.

Долбоор иштеген аймакта МЖЖТТ колдонууга ийгиликтүү киргизүү үчүн жайыт комитеттеринин жана жайыт пайдалануучулардын 40 чакты мүчөсү жаңы ыкма, аны жайыттарды пайдалануу жана башкаруу пландарына киргизүү, жайыттарды баалоонун санариптик усулдары жана карта түзүү жөнүндө баштапкы билим алышты. Тематикалык тренингдердин жыйынтыгында, тышкы жана ички чек араларды, топорафиялык белгилерди жана ресурстарды көрсөтүү менен жайыт аймактарынын карталары түзүлдү. Тилкелерди толук көрсөтүү МЖЖТТ сунуштагандай жайыт аймактарын ротациялык пайдалануу же которуштуруп мал жаюу үчүн микро тилкелерге бөлүүгө мүмкүндүк берди. «CAMP Алатоо» КФ адистери түзүлгөн карталарды санариптештирүүгө жана басып чыгарууга жардам берди. Андан кийин малчылар маалыматтарды сактоо үчүн мал жаюунун хронологиясын карталарга белгилей башташты.

Жайыт комитеттерин жергиликтүү институт катары Баткен облусундагы Лейлек жана Баткен райондорундагы ролун күчөтүү.

Долбоор алкагында жайыт комитеттеринен келип түшкөн жана алардын институттук өнүгүүсүнө багытталган демилгелер колдоого алынды. Кайрылууларды тандоонун жүрүшүндө «CAMP Алатоо» КФ адистери жер-жерлерде чакан долбоорлорду аткарууну баалашты, комитет жетекчилери менен кайрылууларды толук талкуулап жана майда-чүйдөсүн такташты. Долбоор командасынын чечими менен Кара-Бак жана Бешкент айылдык аймактарынын жайыт комитеттеринин долбоордук сунуштары тандалып алынды.

Кара-Бак АА көзөмөл-өткөрмө жана ветеринардык посттун курулушу каржылоого алынды. Пост бир учурда бир нече көйгөйдү чечти – малчылар арасындагы чыр-чатактуу учурларды азайтты, аталышы окшош жайыт тилкесинде ветеринардык кырдаалды жакшыртты, ресурстарды пайдалануу үчүн төлөм акылардын эсебинен комитеттин бюджетин толтурду. Бешкент айыл аймагынын жайыт комитети үчүн жайытка мониторинг жүргүзүүгө керектүү материалдар жана жабдуулар сатылып алынды, анткени мониторинг жүргүзүү ошол коомдук институттун негизи иш-милдети болуп саналат. МЖЖТТ усулун иш жүзүндө колдонууга кызыктар жергиликтүү малчылар дагы жайыттагы жашоо тиричилик шарттарын жакшыртуу үчүн күн панелдери жана литий аккумуляторлору түрүндө колдоо алышты.