Жайыт комитети жана токой чарбасы жерлерди пайдалануу үчүн чогулткан кош акы төлөм, чыр-чатактарды башкы себеби экенин талдоонун жыйынтыгы көрсөттү. Бул жөнүндө сурамжылоого алынан жайыт комитеттеринин 27% билдиришти. Пикир келишпестиктердин дагы 20% айылдык аймактардын жайыттарына чоочун малды жаюуга байланышкан. Бул айылдык аймактарда өнүккөн жайыт инфратүзүмүнүн жоктугунан болуп жатат. Чабандарга мал сугаруучу жайы бар коңшулаш аймактардын жерине мал жаюуга же көпүрөлөр аркылуу малды жайытка айдап өтүүгө туура келүүдө.
Тандалып алынган 120 чекитте жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүлдү. Жылына эки жолу ал аймактарда долбоордун адистери жайыт комитеттеринин өкүлдөрү менен биргеликте картографиялык материал иштеп чыгуу үчүн жайыт жерлерге баа берип, кийин ал карта жайыттарды башкаруу пландарын түзүү иштеринде пайдаланылган. Чогултулган маалыматтардын негизинде бүткүл республика үчүн керектелүүчү жана жалпы биомассанын картасы түзүлдү.
Жамааттар чыр-чатактарды талдоо жана жайыттардын абалына мониторингдин жыйынтыгынын негизинде жайыттарды башкаруунун интеграцияланган планын иштеп чыгышты. Бул документтерде чыр-чатактарды басаңдатуу чаралары каралган, анда жайыт инфратүзүмүнүн объектилерин куруу жана оңдоо камтылган. Ушул максаттарга ар бир жайыт комитети каражаттарды алган, анын жардамы менен долбоор иштеген аймакта 39 мал сугаруучу пункт, 5 ветеринардык пост орнотулган, 9 көпүрө курулган жана оңдоп түзөөдөн өткөрүлгөн, чөп чабынды тилкелер корулган.