«Жайыттарды туруктуу башкаруу аркылуу кашемирди өнүктүрүү»

  • Ишке ашыруу мезгили: 2019 - 2021
  • Донордук уюм: PUR Project
  • География: Араванский, Ноокатский, Кара-Суйский, Алайский районы, Ошской область, Кыргызская Республика.

Ушул аймактардын жашоочулары жайыт ресурстарынын тартыштыгына туш болууда жана аларга жайыттарды кайталап пайдаланууга, о.э. токой чарбаларынын аймактарына малын жаюуга туура келет. Кийин урпактардын колдонуусуна калтыруу үчүн сактоо зарыл болгон табигый ресурстардын абалы үчүн жекече жоопкерчиликти адамдардын түшүнө билишин биздин семинарлардын натыйжаларынын бири деп атоого болот.

Долбоордун негизги максаты, Ош облусунун бийик тоолук айылдарынын жамааттарынын жайыттардын башкаруунун жүрүшүнө байланышкан маселелер – жайыт жерлердин түшүмдүүлүк, сыйымдуулугунан тартып укуктук өңүттөргө, ошондой эле, жайыт инфратүзүмүн жакшыртуу чейинки иштер боюнча маалымдуулугун жогорулатууга багытталган.

Ош облусунун Араван, Ноокат, Кара-Суу жана Алай райондорунда жайгашкан 4 айылдык аймактын жашоочулары үчүн уюштурулган маалыматтык семинарлар өткөрүлдү, ал окутууларга 180 ашык адам катышты. Окутуулар «САМР Алатоо» Кф адистери иштеп чыгарган усулдар боюнча жүргүзүлдү, анда катышуучуларды оюндар аркылуу темага кызыктыруу каралган. Каржылык жана укуктук жагдайларды эске алуу, мал жаюу үчүн жайыт тилкелерин сарамжалдуу пайдалануу муктаждыгын, жайыт зоналары менен тилкелердин ички чек аралары толук тартылган карталарды колдонуу менен иштелип чыккан жайыттарды башкаруу пландары тренингдердин натыйжасы болуп калды.

Жергиликтүү жамааттар майда жандыктар үчүн жүн кыркуу жана дары сууга жуунтуу комлекстерин (купка) курууга жана жабдуулар менен камсыздоого, эчкилердин тукумун жакшыртуу, жайыт инфратүзүмүнүн объектилерин оңдоо жана курууга байланышкан чакан долбоорлорду даярдашты. Долбоордук аймакта үч көпүрө жана эки мал сугаруу пункту курулду жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Объектилер малчыларга алыскы жайыттарга жетүүгө жол ачты, калкы жана малды ичүүчү таза суу булагы менен камсыздады. Жаңыланган инфратүзүмдүн жардамы менен жергиликтүү жашоочулар арасында табигый ресурстарды талашып-тартышуудан келип чыккан чыр-чатактуу кырдаалдар жөнгө салынды.