Топурактын үлгүсү Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарынын жайыттарынын 120 мониторинг жайларынан алынды. 30 см тереңдиктен үлгүлөрдү алууда бургулоо колдонулду. Бул иштин жүрүшүнө жайыт комитеттеринин өкүлдөрү катышты, алар үлгүлөрдү алууга гана эмес, алынган жыйынтыкка дагы абдан кызыгышты.
Долбоордун негизги максаты, жайыт жана айдоо жерлердеги органикалык көмүртектин курамын аныктоо болуп саналат.
Чогултулган топурак үлгүлөрүнө «САМР Алатоо» КФ лабораториясында алардын курамындагы көмүртектин үлүшүнө кылдат анализ жасалды. Топурактагы органикалык көмүртектин курамын салттуу аныктоо эки усулга негизделген: (1) органикалык затты кычкылдандыруу жана (2) топуракты кургак күйгүзүү. Анализ жасоо үчүн бардык курак заттарга колдонууга мүмкүн болгон көмүртекти күйгүзүү усулу тандалды.
Жайыт жерлердин кыртышындагы органикалык заттардын курамы жана жалпы өсүмдүктөрдүн биомассасы жөнүндө жеткиликтүү маалыматтар өлкөнүн контексинде топурактагы органикалык көмүртектин биомасса менен байланышын/корреляциясын талдоого мүмкүндүк берди.
Долбоор алкагында Кыргыз улуттук агрардык университетинин «агрономия» жана «бажы кызматынын фитосанитардык контролу» факультеттеринин 2-3-курстарынын 30 студенти үчүн «Топурактагы көмүртектин курамын аныктоо жана жайыттарга мониторинг» темасында семинар уюштурулган.
Семинар «топурак таануу» сыяктуу сабакты камтыган окуу процессине пайдалуу кошумча болуп калды. Студенттерге Кыргызстандагы жерлердин абалы, жайыттардын жайгашуусу жана алардын деградация болуу себептерине, ошондой эле, топурактагы көмүртекти аныктоо боюнча «САМР Алатоо» КФ тажрыйбасына кыскача сереп жасалды. Болочок аграрчылар топурактын тыгыздыгын жана атайын жабдуунун жардамы менен анын курамындагы СО² үлүшүн аныктоонун механизмдери, о.э. дүйнөлүк практикада пайдаланылган көмүртек балансын эсептөө үчүн инструменттер жөнүндө билишти.