«КР токой экосистемаларын интерацияланган башкаруу»

  • Ишке ашыруу мезгили: 2018 - 2018
  • Донордук уюм: Всемирный Банк, Глобальный Экологический фонд.
  • География: Чуйская, Иссык-Кульская, Нарынская, Таласская, Ошская, Джалал-Абадская области, Кыргызская Республика
Кыргызстандын 14 токой токой чарбаларында — Фрунзе, Чуй, Балыкчы, Баткен, Ак-Суй, Каракол, Нарын, Ат-Башы, Кочкор-Ата, Уч-Коргон, Токтогул, Талас, Ак-Сы, Кара-Кул, ошондой эле. 6 шаарда жана 99 айылдык аймактагыдай эле жаратылыш ресурстарын комплекстүү башкаруу киргизилген.

Долбоор үч баскыч менен ишке ашты. Биринчиси жамааттарды социалдык мобилизациялоону камтыды. Бул процесс токой чарбалардын, облустук, райондук администрациялардын, айыл өкмөтүнүн жетекчилери жана кызматкерлери арасында, токой чарбалар менен чектешкен калктуу конуштарда кеңири маалыматтык кампания менен ишин баштаган. Консорциумдун консультанттары долбоордун максаттары, милдеттери жана жүзөгө ашыруунун механизмдерин жолугушууларда түшүндүрүп беришти. Маалыматтык кампания жалпы 6362 адамды камтыды (4379 эркек жана 1983 аял киши катышты).    

Экинчи баскычтын жүрүшүндө долбоордун катышуучулары табигый ресурстарды башкаруунун интеграцияланган пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашырууга колдоо алышты (ТРБИП). Айтсак муктаждыктарга, алардын артыкчылыктуусун аныктоо жүргүзүлдү, токой чарбалардын ресурстары жана мүмкүнчүлүктөрү талдоого алынды, алардын андан аркы өнүгүүсү үчүн зарыл болгон инвестициялардын көлөмү аныкталды.

Үчүнчү баскыч стратегиялык инвестициялык муктаждыктарды жана бюджеттери эске алуу менен ТРБИП иштеп чыгууга, о.э. мониторинг пландарын жана ТРБИП ишке ашырууну баалоого арналган.

Долбоор (1) токойлуу жерлерди, жайыттарды, кунарсыз жана аз өндүрүмдүү жерлерди кошо алганда, токой чарбалары көзөмөлдөгөн аймактарда башкарууну жакшыртуу үчүн экосистемалык мамилени колдоого багытталган; (2) табигый ресурстарды башкаруунун комплекстүү пландоону колдонууга киргизүү аркылуу мамлекеттик мекемелердин жана жамааттардын дараметин чыңдоо, экосистемаларды жана инфратүзүмдү калыбына келтирүүгө инвестицияларды берүүгө багытталган.

Долбоордун жарым жылдык жигердүү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында токой чарбалары жана жергиликтүү жамааттар консорциумдун консультанттарынын колдоосу алдында токой экосистемасын жана инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана калыбына келтирүүгө багытталган 119 ири долбоор жана 84 чакан долбоорду иштеп чыгышты. Даярдалган өтүнмөлөр КР Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин, консультация берген жана донор уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда Координациялык-консультациялык кеңештин кароосуна жана жактыруусуна сунушталган. Табигый ресурстарды интеграцияланган пайдалануунун жана башкаруунун пландары пилоттук токой чарбалардын аймагы менен чектешкен бардк айылдарда 5750 ашык жашоочулардын катышуусунда кеңири талкууланган (3624 эркек жана 2126 аял).