Долбоордун ыкчам аткаруу планынын алкагында жергиликтүү ресурс пайдалануучулар менен интервью жүргүзүлгөн. Сурамжылоо убагында айтылган сунуштар топозчулар менен койчулардын арасындагы чыр-чатактуу кырдаалдары чечүүгө багытталган сунуштамалар топтомуна жана жайыттарды башкаруу планын иштеп чыгууга киргизилди.
Максаты – Нарын облусунун Нарын жана Кочкор райондорунун аймагында жайгашкан Кара-Кужур жана Солтон-Сары өрөөндөрүндөгү тоолуу жайыттардын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо. Ушул райондордо топоздун эң көп саны топтолгон.
Жайыт пайдалануучулардын чыр-чатактарды башкаруу потенциалын жогорулатуу пикир келишпестиктердин себебин түшүнүүгө жана аларды басаңдатууга алып келет. Андыктан Миң-Булак, Он-Арча жана Кара-Кужур айылдык аймактардын жамааттары үчүн ушул тематикада уюштурулган үч семинар адамдарга оң таасир тийгизди жана алардын ресурстар үчүн чыр-чатактарды башкаруу жаатындагы маалымдуулугун жогорулатты.
Ошондой эле, Терс-Суу дарыясынын бассейни деңгээлинде жапайы жаныбарларды сактоону эске алуу менен жайыттарды башкаруу планы иштелип чыккан. Жайыттарды башкаруу планын иштеп чыгуу үчүн төмөнкүдөй иштер жасалды:
Жыйналган маалыматтар жапайы жаныбарларды сактоонун негизинде Терс-Суу дарыясынын бассейнинин деңгээлинде жайыттарды башкаруунун планына камтылды.
2020-жылы күзүндө «CAMP Алатоо» КФ адистери долбоор иштеген аймактагы калктын арасында мал чарбачылыгынын экономикалык натыйжалуулугуна жана жапайы жаныбаларды сактоого мамилесине баалоо жүргүзүштү. Жергиликтүү жашоочулардан, жайыт комитеттеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн ичинен 35 респондент сурамжылоого алынган. Интервью убагында аларга жайыттардын абалы, жерлердин деградацияга кабылуу себептери, малдын башын жөнгө салуу, жапайы жаныбарларды коргоо чаралары жөнүндө ж.б.у.с. 25 суроо берилген.
Жооптордун жыйынтыгында суралгандардын 90% жергиликтүү үй чарбаларда малдын башы жыл сайын өсүп жатканын айтышты. Респонденттердин 37% бул тенденцияны жеке керектөөлөргө байланыштырды жана 37% малдын башы киреше алуу максатында көбөйтүлүп жатканын көрсөтүштү. 50% жакын респонденттер жергиликтүү жайыттардын деградациясынын башкы себеби ашыкча колдонуу экенин айтышты жана 43% жайыт начарлап жатканын белгилешти. Пайдалануучулардын 2% гана мал тез эле сатылып жана союлуп жаткандыктан жайыттын абалы жылдан жылга жакшырып жатканын жана малдын саны жерлерге терс таасирин тийгизбей турганына ишенээрин билдиришти.