Кыргызстан менен Тажикстандагы колдоого көбүрөөк муктаж менчик ээлеринин үй чарбасын жакшыртуу

  • Ишке ашыруу мезгили: 2014 - 2015
  • Донордук уюм: DCA Central Asia
  • География: Нарынская область, Ак-Талинский район
Өнөктөштөр: DCA Central Asia, Өнүктүрүү Агенттиги Нау-АППР, «Рурал Девелопмент Фанд» коомдук фонду, «Мехр Шавкат» коомдук фонду, «Био Сервис» коомдук фонду, «Жалал-Абад аймактык айылдык консультациялык кызматы».

Бул долбоору үчүн бир нече себептер бар. Бул туура эмес тамактануу жана тамак-аш даярдоонун натыйжалуу эмес жолдору. Долбоор калктын алсыз катмар менен иштешүүгө багытталган. Алардын жашоо-шартын жакшыртуу үчүн максаттуу топторду киреше алып келе турган ишмердүүлүк түрлөрүнө окутуу, туура тамактануу жна климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашуу жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу иш-чараларын жүргүзүү пландалган.

Үй чарбалардагы көп өлчөмдөгү энергия ашыкча чыгымдалат, бул Борбордук Азиядагы токойлордун жок болушунун жана табигый ресурстарды туруксуз пайдалануунун негизи факторлору болуп саналат.

«САМР Alatoo» КФ тажрыйбалык мисалдардын негизинде катуу отунду үнөмдөөнүн жолдорун жана күн ашканасы, энергияга үнөмдүү мештер (очок) сыяктуу энергия натыйжалуу технологияларды көрсөтүүнү көздөйт. Долбоор алкагында Туура тамактануу боюнча колдонмо дагы иштелип чыккан.

Инструменттер

1. Энергетикалык натыйжалуу үнөмдүү мештерди куруу боюнча тажрыйбалык семинар. Семинар усталарды энергия натыйжалуу мештерди куруунун негизги ыкмаларына үйрөтүүгө багытталган. Семинардын узактыгы 8 күн, анын программасына негизинен энергияга үнөмдүү мештерди куруу боюнча практикалык иштер камтылган. Окутуунун башында катышуучулар тренер менен бирге меш курат, андан соң үйрөнгөнүн бригада менен бөлүшөт жана өз алдынча иштей баштайт.

2. Маалымдуулукту жогорулатуу (L4S) Туруктуулукка үйрөтүү “Learning For Sustainability” (L4S) – бул жергиликтүү адистердин катышуусу менен айылдарда түзүлгөн жамааттарды окутуунун инструменти. Климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу боюнча L4S окутуу модулу окутууга киришүү катары имитациялык оюнду катмтыйт. Андан кийин тренер менен биргеликте ар бир айылда климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу боюнча чаралар иштелип чыгат. Катышуучулар окутуудан алган билимдердин негизинде демилге катары өз идеяларын жана долбоорлорун сунуштай алышат. Андан соң чакан долбоорлор башка булактардан каржылоо алышы мүмкүн.

3. Туура тамактануу боюнча семинар. Бул семинарга катышуу менен кандай тамак-аш толук баалуу болуп саналат жана тамакты эмнеге бышырса болот деген суроолорго жооп ала алышат. Күн ашканасында жана энергияга үнөмдүү мештерде тамак даярдоонун ар кандай рецептери айкалыштырылган. Ошондой эле, окутуунун жүрүшүндө тренер кантип туура тамактануу керек жана тамак-аш даярдоо үчүн жыгач отунду кантип аз колдонууга болоорун түшүндүрөт.

  • Энергияга үнөмдүү технологиялардын жана күн ашканасында тамак даярдоонун усулдары ылайыкталды;
  • Күн ашканасы боюнча семинарлар өткөрүлдү;
  • Энергияга үнөмдүү мештер боюнча семинарлар өткөрүлдү;
  • Күн мештерин куруу боюнча колдонмо иштелип чыкты;
  • Айыл жергесинде Толук баалуу тамактануу боюнча колдонмо иштелип чыккан.