Нарын облусунун Ат-Башы району Кыргызстандын эң суук райондорунун бири, ал жакта энергияны үнөмдөө маселеси абдан актуалдуу болуп саналат. Буга байланыштуу «САМР Alatoo» коомдук фонду ошол аймакта энергия натыйжалуу технологияларды жайылтуу иш-чараларын жүзөгө ашырууда.

  • Ишке ашыруу мезгили: 2014 - 2015
  • Донордук уюм: Княжество Лихтенштейн
  • География: Нарынская область, Ат-Башинский район
Өнөктөштөр: Борбордук Азиядагы энергияны үнөмдүү куруу борбору «CEEBA», «Зиндаги» кол өнөрчүлөр кооперативи, Хорог, Тажикстан, «АМЕТиС» коомдук бирикмеси.

Нарын облусунун Ат-Башы району Кыргызстандын эң суук райондорунун бири, ал жакта энергияны үнөмдөө маселеси абдан актуалдуу болуп саналат. Буга байланыштуу «САМР Alatoo» коомдук фонду ошол аймакта энергия натыйжалуу технологияларды жайылтуу иш-чараларын жүзөгө ашырууда.

Энергия натыйжалуу технологияларды пайдалануу жолу менен айыл жергесинде жашаган калктын жашоо шарттарын жакшыртуу.

Инструменттер:

1. “Learning For Sustainability” туруктуулукка үйрөтүү. Бул айылдын туруктуу өнүгүшүнө жана жаратылыш ресурстарын пайдаланууга тиешелүү маселелер боюнча катышуучулар топторунун катышуу процессин жеңилдетүү үчүн жаңы ыкма.

2. Жергиликтүү текшерилген чечимдерге негизделген инновациялык технологиялар: курулуштун мурдагы усулдары жатыктырылган, жакшыртылган жана демонстрациялык объектилерде колдонулган.

  • Калктын энергия үнөмдөө жаатындагы маалымдуулугу жакшырды;
  • Жыгач усталар үчүн энергия үнөмдөөчү жыгач терезелерди жана каалгаларды өндүрүү боюнча цех түзүлдү;
  • Окутуулар өткөрүлдү: а) имараттарды жылуулоо технологиялары жана энергияны натыйжалуу сактоочу имараттар боюнча; б) энергияны натыйжалуу керектеген мештерди куруу усулдары жана шыктары боюнча.
  • Энергияга үнөмдүү курулуштарды курууга тартылган усталардын бирикмеси негизделди.