Натыйжалуу жана экологиялык таза жылытуучу мештер боюнча пилоттук долбоор

  • Ишке ашыруу мезгили: 2016 - 2020
  • Донордук уюм: Всемирный банк
  • География: Нарынская, Ошская, Джалал-Абадская и Чуйская области, Кыргызская Республика
2020-жылы "Жылытуу чөйрөсүндөгү" САМР Алатоо КФ "Жылытуу чөйрөсүндөгү эффективдүү жана экологиялык таза чечим" Бул программа 2017-жылы чыгармачылык чечимдерди тандап, каржылоого жана каржылоого жана инновациялык долбоорлорду колдоого багытталган жана реалдуу социалдык баалуулук менен баштоого багытталган.

Статистика боюнча, борбордоштурулган жылуулук менен камсыздоо (БЖК) негизинен Бишкекте жана башка чакан шаарларда жайгашкан 17% үй чарбаларына гана жеткиликтүү. Калган 907 000 үй чарбалары турак жайды жылытуунун жеке тутумдарын колдонот. Алардын ичинен эң көбү– 85% - негизги жылылуулук булагы катары көмүрдү пайдаланат. Электр менен жылытууну калктын 8%, газ менен жылытууну – 6% ылайык көрөт, 3% үй чарбалары үйүн тезек жана отун менен жылытат. Ошондуктан жылуулукка карата өсүп жаткан талапты камсыздоо, калктын чоң бөлүгү үчүн олуттуу көйгөй болуп саналат. Ошол эле учурда шаардык керектөөчүлөрдүн жана бюджеттик уюмдардын 25% жакыны энергетикалык сектордогу татаалдыктардан улам кышында жылуулук менен камсыздалбайт.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын өкмөтү Дүйнөлүк банктын колдоосу менен КР айрым райондорундагы жылуулук менен камсыздоонун натыйжалуулугун жана сапатын жакшыртууга багытталган жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоор даярдаган. Демилге (1) Бишкек ш. борбордошкон жылуулук камсыздоонун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга; 2) натыйжалуу жана экологиялык жактан таза мештерди/от казандарды сыноодон өткөрүүгө; 3) коомдук имарат жайлардагы энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуунун артыкчылыгын көрсөтүүгө багытталган.

«САМР Алатоо» КФ, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отунду керектөөнү, чыгымдарды азайтуу жана социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөр көп учурда энергетикалык жактан натыйжасыз жылытуу тутумдарын пайдаланып, айлана-чөйрөнү булганганына байланыштуу калктын ден соолугуна келтирилген тобокелдиктерди кыскартуу аркылуу жылуулук менен камсыздоо сектору үчүн узак мөөнөткө каралган стратегиясын колдоп, №2 багыт боюнча иштеди. Мындай ишмердүүлүк пилоттук облустарда мештерди/от казандарды иштеп чыгуу, өндүрүү, орнотуу жана сыноону караштырган.

Долбоордун аймактарда жылуулук менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу максаты, республиканын үй чарбаларындагы салттуу меш менен жылытууга альтернативдүү жылытуу түзүлүштөрүн иштеп чыгуу, өндүрүү жана орнотуунун эсебинен жетишилди. Энергияга үнөмдүү мештердин моделдерин иштеп чыгууда Монголия менен Тажикстандын тажрыйбасы колдонулган жана материалдар, шаймандар жана жылытуу тажрыйбасынын жеткиликтүүлүгү эске алынган. Кыргызстандык мештер үчүн катуу отунду пайдалануу (б.а. көмүр, малдын көңү жана/же жыгач отун), 70% кем эмес жылуулук ПККсы, эң жогорку 6-30 жылуулук кубаттуулугу, ошондой эле, жагымдуу коопсуздук жана зыяндуу таштандыны бөлүп чыгарууну кыскартуу кошумча талаптар катары кошулду.

Долбоорду ишке ашыруунун үч жылдык жүрүшүндө (2016-2019 ж.) энергияга натыйжалуу мештер менен от казандарды 87 үй чарба жана эки социалдык объект – ФАП жана китепкана алды.

Тестирлөөнүн жыйынтыгы жана мештердин бардык моделдерин өлчөөлөр менен жаңы моделдердин төмөнкүдөй артыкчылыктары далилденди:

  • мештерде отунду жагууда 6 сааттан 15 саатка чейин түтүн пайда болбойт;
  • кошумча отун салуу талап кылынбайт, анткени мештер отун үчүн резервуар катары жасалган;
  • жалпы ПКК 70% ашыкты көрсөткүчтү түздү (салыштыруу үчүн алсак, рынокто сунушталган мештерде ПКК 25-30% түзөт);
  • отунду пайдалануунун коэффиценти 98% ашты;
  • катуу бөлүкчөлөрдүн өтө аз бөлүнүп чыгуу деңгээли байкалды.

Жаңы мештер аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн отунга кеткен чыгымдарын олуттуу кыскартты. Мештерди орнотуудан кийин жүргүзүлгөн акыркы изилдөөлөр, көмүрдү чыгымдоодогу бир топ айырманы көрсөттү. Эгерде мурда Чүй облусундагы үй-бүлөлөр күнүнө 40 кг көмүр жакса, жаңы моделдерди колдонууда көмүр чыгымы 13,5 килограммга азайган. Нарын, Ош жана Жалал-Абад облустарынын жашоочулары үчүн күнүмдүк отун керектөө ченеми 24 килограмм көмүрдү түзгөн, ошол эле учурда алар жыгач отун менен тезекти кошумча колдонушкан, ал эми жаңы мештер түндүк аймак үчүн керектөөнү дээрлик 20 килограммга жана түштүк аймагы үчүн 13,5 килограмма чейин кыскартты.

«Fresh Air» өнөктөш тобу жүргүзгөн үй чарба мүчөлөрүнө карата түтүндүн таасирин көз карандысыз баалоо (КБ 2.5 – диаметри 2,5 микрондон кем эмес катуу бөлүкчөлөр), бөлмө ичиндеги булгануунун деңгээли азайганын жана ден соолукка оң таасир тийгизгенин көрсөттү. Пилоттук үй чарбалардагы PM2.5 орточо нурлануу 92,3 мкг/м3 тартып, 32,4 мкг/м3 чейин төмөндөдү, бул жалпысынан 65 пайызды түздү. Мониторинг чоң адамдар менен балдар арасындагы бардык респиратордук симптомдордун олуттуу төмөндөшүн аныктады, ал эми изилдөөгө алынган балдардын мектепке барбай калган күндөрүнүн саны 72 пайызга кыскарган.