«Экологиялык билим берүү жана агартуу» компоненти

  • Ишке ашыруу мезгили: 2018 - 2020
  • Донордук уюм: Фонд Кристенсена, Германское общество по международному сотрудничеству (GIZ)
  • География: Нарынская, Джалал-Абадская области, Кыргызская Республика.
2018-2020-жылдары Долбоорлорго «Экологиялык билим берүү жана түшүндүрүү иштери» компоненти киргизилген: (1) «Жайыттарды жана жаныбарлар дүйнөсүн комплекстүү башкаруу аркылуу биомаданий мурасты кайра жандандыруу»; (2) «Борбордук Азиянын бийик тоолуу аймактарында климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга экосистемалык мамиле»; (3) «Жаңгак токойлорун жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды тартуу менен биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскарту.

Ушул багыттын алкагында, жакшы ойлонулган жана сарамжалдуу керектөөгө алмаштыруу аркылуу ресурстарга жоопкерчиликсиз мамиле кылууну өзгөртүү жөнүндө кеңири маалыматтык кампаниялар жүргүзүлдү. Маалыматтык кампанияны коштогон иш-чаралар жарандык илим жана экологиялык билим берүү принциптерине негизделген жана калктын бардык топторун – катардагы пайдалануучудан тартып бийликтин облустук жана райондук органдарынын өкүлдөрүнө чейин камтыды.

Компоненттин максаты, жергиликтүү жамааттардын табигый ресурстарды туруктуу башкаруу маселесиндеги маалымдуулугун жогорулатууну, ошондой эле, аларга экосистемаларды деградациядан сактоонун жана коргоонун маанилүүлүгү жөнүндө түшүнүк берүүнү көздөйт.

«Жайыттарды жана жапайы жаныбарларды интеграцияланган башкаруу аркылуу биомаданий мурастарды кайра жаратуу» долбоорунун алкагында «Карек» балдар киносу КФ колдоосунда Нарын облусунун Ат-Башы районунун окуучулары үчүн кинорежиссура, сценарий жазуу, актерлорду тандоо, интервью алуу жана техникалык жабдууларды пайдалануу негиздери боюнча семинарлар өткөрүлдү. Балдар ички дүйнөсүн ачып жана болочок тасманы башынан аягына чейин элестете алышы үчүн спикерлер тренингдерде абдан аракет кылышты. «Ыйык мурас», «Биринчи махабат» жана «Биринчи кат» - кыска метрдеги үч тасманын даярдалышы мастер-класстардын иш жыйынтыгы болуп калды. Ал фильмдерде илбирс жөнүндө уламыштар, мифтер жана улуу муун өкүлдөрүнүн эскерүүлөрү айтылат. Окуучулардын, тасма авторлорунун айтымында, карыялардан алынган билимдер аларда туулуп өскөн жердин табиятын, анын сейрек жана кайталангыс өзгөчөлүгүн баалоого умтулууга түрткү берген.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мектеп окуучуларынын сүрөттөрү, дилбаяндары, макеттери 2018-ж. Нарын ш. окуучулар жана студенттер үчүн уюштурулган «Мен айлана-чөйрөнү изилдейм. Илбирсти коргойбуз» деп аталган көргөзмөлөрдө көрсөтүлгөн.

Педагогдор жана окуучулар үчүн КР билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши бекиткен «Ак карлуу тоолордун сакчылары» окуу колдонмосу жана «Илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн коргоо» таанып-билүү оюну даярдалган.

«Борбордук Азиянын бийик тоолуу аймактарындагы климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашуу үчүн экосистемалык ыкма» долбоору аркылуу Нарын ш. «Мен жана курчап турган дүйнө. Климат жана фенология» жана «Мен жана курчап турган дүйнө. Илбирсти коргойбуз» аттуу эки экспозицияны бириктирген социалдык-билим берүүчү көргөзмө өткөрүлгөн. Чыгармачыл жана тапкычтык менен жасалган макеттер, түркүн-түстүү сүрөттөр, кызыктуу дилбаяндар, кыска метрдеги фильмдер туулган өскөн жердин экосистемасы, мөңгүлөрдүн эриши, жайыттардын деградациясы, таштандынын топурак менен өсүмдүктөргө таасири, илбирсти сактоо көйгөйлөрүнө арналган. Ар бир эмгек окуучулардын курчап турган чөйрөгө жана табигый ресурстарды сактоого кайдыгер эмес мамилесин билдирип турду.

Мындан тышкары, долбоор иштеп баштаганда Баш-Кайыңды айылдык аймагынын Баш-Кайыңды жана Большевик айылдарынын орто мектептеринде зымсыз метеостанциялар орнотулган, анын жардамы менен жогорку класстардын окуучулары жергиликтүү климатты, суунун сапатын жана өсүмдүктөрдүн өзгөрүүлөрүн изилдешкен. Биология жана география мугалимдеринин жетекчилиги менен окуучулар айыл чарба өсүмдүктөрүнө дагы байкоо жүргүзүшкөн.

“Жаңгак-мөмө токойлорду жана жайыттарды башкарууга жергиликтүү жамааттарды катыштыруу аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жакырчылыкты кыскартуу” долбоору боюнча, 2019-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы 18 мектеп менен экологиялык билим берүү жаатындагы инновациялык ыкмалар колдонулган кызматташуу жүргүзүлдү. Анда «Парктар маршы» жана «Грек жаңгагы фестивалы» акцияларына, сабак өтүүнүн прогрессивдүү усулдарына жана кино өндүрүштүн негиздерине арналган тренингдерге педагогдор менен окуучулар катышты. Кичи «киноакадемиянын» жардамы менен окуучулар Арстанбаптын жаңгак токойлорун сактоо жана коргоо темасына бириктирилген кыска метрдеги эксперталдык 5 фильм түзүштү. Үч тасма «Карек» балдар киносу КФ уюштурган балдар менен өспүрүмдөрдүн республикалык кинфестивалына катышуу үчүн тандалып алынган. Каармандардын бири, Арстанбап айылынын тургуну, он үч жашар окуучу Нурдин кызы Аруукени кароо-сынактын калыстар тобу «жылдын мыкты жаш актрисасы» деп тааныган.

Активдүү маалыматтык кампания алкагында интерактивдүү жана кызыктуу формада ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлдү: жергиликтүү жашоочулар менен мамлекеттик органдардын, токой чарбалардын, жайыт комитеттеринин жана диний ишмерлердин өкүлдөрү катышкан маалыматтык жолугушуулар, журналисттер жана мектеп окуучулары үчүн семинарлар жана чыгармачылык кароо-сынактар, эксперменталдык кыска метрдеги жана тематикалык фильмдерди көрсөтүү, ошондой эле, табигый ресурстарды туруктуу башкаруу темасындагы маалыматтык материалдар жигердүү жайылтылды.

«Туруктуу билим берүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо» колдонмосу долбоордун «экологиялык билим берүү» багытынын маалыматтык өнүмдөрүнүн бири болуп калды.