«Борбордук Азиянын бийик тоолуу аймактарында климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашуу үчүн экосистемалык мамиле»

  • Ишке ашыруу мезгили: 2015 - 2020
  • Донордук уюм: Международная климатическая инициатива (IKI) по заказу Федерального министерства окружающей среды, охраны природы, строительства и безопасности ядерных реакторов (BMUB). Основной исполнитель - Германское общество по международному сотрудничеству (GIZ).
  • География: Ат-Башинский район, Нарынская область, Сокулукский район, Чуйской область, Кыргызская Республика.
Борбордук Азиянын бийик тоолуу аймактарынын экосистемалары ар түрдүү жана бири-бири менен тыгыз байланышта. Алар жергиликтүү тургундардын турмушунда маанилүү роль ойноп, аларды суу, жайыт жана токой чарбасы менен камсыз кылууда. Бирок антропогендик факторлордун таасири жана климаттын өзгөрүшү экосистемалардын абалын начарлатат, бул тоолуу райондордо муз катмарынын азайышына, кургак мезгилдердин узактыгынын көбөйүшүнө, биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына жана кыртыштын деградациясынын күчөшүнө алып келет.

Долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн курамына борбор азиялык жана чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдар, фонддор, илимий мекемелер жана борборлор кирген концорциум түзүлгөн.

Долбоор жергиликтүү бийлик органдарын жана калкты экосистемаларды жана алардын кызматтарын сактоо үчүн сабаттуу башкарууну колдоого аракет кылды. Экосистемалар деген жаратылыш адамдарга берген бакубат шарттарды билдирет, атап айтканда, алар азык-түлүк, чийки заттар, жер көчкү, сел жана топурактын деградациясынан коргоо, генетикалык ар түрдүүлүктү сактоо ж.б.

Долбоордун максаты (1) Борбордук Азиянын бийик тоолуу аймактарында экосистемалык ыкманы ишке ашыруу үчүн инновациялык жана экономикалык натыйжалуу ыкмаларды жана стратегияларды берүүнүн методологиясын иштеп чыгуу; (2) ошол методологияны мамлекеттердин климатка жана стратегиялык пландоого байланышкан жана өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн шарттарына ылайык келген саясатка камтуу менен аймактык саясий диалогду жөнгө салуу.

• климаттык моделди иштеп чыгуу;

• экосистемага жана жамаатка таасирин тийгизген климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттеринин ыктымал сценарийлерин түзүү жана караштыруу;

• климаттык өзгөрүүлөр эске алынган «2021-2023-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү программасына» жана «Климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу боюнча 2020-2025-жылдарга карата жергиликтүү аракет планына» камтылган климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу боюнча чараларды жана экологиялык, экономикалык, социалдык тандоо ченемдерин аныктоо (документтер долбоор иштеген аймактык жашоочулары үчүн иштелип чыккан);

• Суу пайдалануучулар ассоциациялары үчүн жайыттарды башкаруунун пландары, суу ресурстарын башкаруунун пландарын иштеп чыгуу;

• окуучулар үчүн «Климат жана фенология» колдонмосун даярдоо жана басып чыгаруу;

• инфратүзүм объектилерин оңдоп-түзөө жана куруу (суу каналын, дамба ж.б.у.с.).