КР тоолуу аймактарында көпүрөлөрдү куруу жана реабилитациялоо

  • Ишке ашыруу мезгили: 2016 - 2020
  • Донордук уюм: Швейцарская ассоциация «Pamir’s Bridges»
  • География: Нарынская, Таласская, Иссык-Кульская, Джалал-Абадская, Баткенская области, Кыргызская Республика, Горно-Бадахшанская автономная области, Республика Таджикистан.
Совет доорунда курулган эски көпүрөлөрдүн, тагыраак айтканда, алардан калган көпүрөлөрдүн ордуна жаңы жана калыбына келтирилген объектилер келди. Аккан жыгач тактайлардан жасалган кууш жол, бекем тирөөчтөрдүн жана тосмолордун жоктугу көптөгөн көпүрөлөрдүн кадимки техникалык абалы. Мындай көпүрөдөн өтүү чабандардын жана жаныбарлардын, ошондой эле жергиликтүү тургундардын – мөмө-жемиштерди жана дары чөптөрдү тергендердин, кароолчулар менен туристтердин өмүрүнө коркунуч жараткан. Кээ бир айыл аймактарда көпүрөлөр толугу менен бузулуп, натыйжада малчылар бир нече күн жолдо жүрүп, айланма жолдор менен малды жайлоого айдап келишкен.

«CAMP Алатоо» КФ көпүрөлөрдү тургузуу жана курууну токой чарбалары, жайыт комитеттери, улуттук парктар, коруктар, жергиликтүү администрация жана калк менен тыгыз кооперацияда жүргүзүп келет. Жамааттар айыл инфратүзүмүн жакшыртууга, андан кийин жаңы объектини күтүүгө жана пайдаланууга жоопкерчиликти өздөрүнө алууга кызыктар.

Жергиликтүү бийликтердин көпүрөнү калыбына келтирүү же куруу жөнүндө демилгелери конкурстук негизде колдоого алынат.

Долбоорду жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө көпүрөлөрдүн техникалык мүнөздөмөлөрү кайра каралган. Кууш жана тар жыгач курулуштардын ордуна жүрүү бөлүгүнүн туурасы 7 метрден кем эмес темир бетон конструкциялар келген. 2006-жылдагы долбоор боюнча курулган эң узун көпүрөлөрдүн биринин жүрүү бөлүгүнүн узундугу 27 метрди түзөт. Аталган объектини куруунун жүрүшүндө 10 тоннага жакын металл колдонулган.

Куруу жана калыбына келтирүү бир нече этапты камтыйт. «САМР Алатоо» КФ адистери көпүрөлөрдүн абалын изилдейт, жергиликтүү жамааттарга курулуштун же ремонт иштеринин техникалык, финансылык жана убактылуу бөлүктөрү жөнүндө кеңеш берет, зарыл материалдарды алууга көмөктөшөт, бүткүл процессти көзөмөлдөйт жана объектие соңку эксперттик баалоо берет.

2017-жылы долбоордун географиясы Тажикстанга чейин кеңейди, ал өлкөдө Дирумдара дарыясына узундугу 15 м жаңы көпүрө курулду (Седж джамоат, Рошткалин району).

Долбоордун максаты, табигый ресурстарга (мөмө-жемиш, жаңгактарды жана дары чөптөрдү чогултуу) жана пайдалануучулар менен аары багуучуларга алыскы жайыттарга жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, өзгөчө кырдаалдарда өрт өчүрүүчү жана медицианлык кызматтардын өтүшүн камсыздоо, тоолуу айылдардын ортосундагы байланышты колдоо, жаңы туристтик маршруттарды ачуу жана өнүктүрүү.

  • 2016-жылы Нарын, Талас жана Ош облустарында 3 жаңы көпүрө курулган жана 1 көпүрө реабилитация болгон;

  • 2017-жылы Нарын, Жалал-Абад облустарында жана Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном округунда 2 жаңы көпүрө курулган жана 4 көпүрө реабилитация болгон;

  • 2018-2020 ж. 12 көпүрө курулган;

  • көпүрөлөрдүн катар номерлери көрсөтүлгөн жана курулуштун катышуучулары жазылган маалымат такталары орнотулган.

Ийгилик баяны: 2019-жылы Нарын облусунда жаңы көпүрө жеке каражаттарга курулган. Швейцариялык үй-бүлөлөр - Лоуренс жана Бернард Гигакс – “Памир көпүрөлөрү” бирикмесинин жетекчиси Бернард Репондго кыргызстандыктара жардам берүү каалоосун билдирген. Ал Туюк-Суу дарыясы аркылуу алыскы жайыттарга жана узак мөөнөттөгү пайдалануу тилкелерине жол салуу үчүн Дөбөлү айыл аймагынын жашоочуларына жардам берүүнү сунуштаган. Бул жакка жылдын жылуу мезгилдеринде 1000 ашык баш уй, 3000 миңден ашык кой жана 600 жылкы жайлоого келет. Курулушка чейин малчылар жайытка атчан жетишчү. Дарыядан өтүү жазында өтө кооптуу болчу, ал кезде суунун деңгээли көтөрүлүп жана жайлоого алып барган жолдорду жууп кетчү. 

Тогуз метрлик жаңы көпүрөнүн жардамы менен 40 чакты жайыт пайдалануучуга Дөбөлү жана Орток айыл аймактарынын калкына таандык бүткүл малды батырып жана тоюттандыра турган аянты 7000 га жайыт жеткиликтүү болуп калды. Бул жайытты сезондук которуштуруп пайдаланууга жана айылга жакын кышкы жайыттарга басымды азайтууга, ошондой эле, туристтик маршруттарды жана Нарын жана Ысык-Көл облустарын байланыштырууну жакшырууга мүмкүндүк берди.

2018-2020-ж. «CAMP Алатоо» КФ техникалык жана логистикалык колдоосунда Кыргызстандын Нарын, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жана Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун тоолуу райондорунда 12 көпүрө курулуп бүткөрүлгөн.

2018-жылы ТБАО Рошткалин районунун Седж айылында Шахдар дарыясына биринчи жолу жөө адамдар көпүрөсү пайда болгон, анын жыйынтыгында Седж айылынын 130 үй чарбасынын жашоочулары үчүн суудан өтүү жана малды айдап жеткирүү коопсуз болуп калды, дарыянын өйүзүндө 1500 га жакын жайыт, 100 га ашык токой жана башка жер тилкерлери жайгашкан. Тоолуу аймактардагы көпүрөлөр чабандарга жана малчыларга алыскы жайыттарга, балчыларга бийик тоолуу шалбааларга, айыл тургундарына мөмө-жемиштер жана дары чөптөр өскөн жерлерге, ал эми туристтерге эң кооз пейзаждарга жана таза көлдөргө жетүүнү камсыздайт.