Мобилдик тиркеме

COVID-19 пандемиясы адамдардын уюлдук тиркемелер аркылуу өз алдынча билим алууга кызыгуусун жогорулатууга түрткү болду. Статистика боюнча, колдонуучулар билим берүүчү онлайн сервистерде өткөргөн убакыт акыркы бир нече жылда 60% ашкан.

Бүгүн мобилдик тиркемелер – бул ишмердүүлүгү калктын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган бардык уюмдар үчүн «must-have» болуп саналат. «САМР Алатоо» КФ ар кандай долбоорлордун алкагында тиркемелерди иштеп чыгарат, алар аркылуу колдонуучулар пайдалуу маалыматтарды алат, аны менен катар өз мониторингин фотосүрөттөр менен коштоп өсүмдүктөргө, жаныбарларга, жайыттарга, сууга байкоо жүргүзөт жана жыйынтыгында өздүк маалымат базасын топтой алат. Ушул онлайн жардамчылар табигый ресурстар жаатындагы кесипкөйлөргө, педагогдорго, окуучуларга жана флора менен фаунага кызыккан сүйүүчүлөргө дагы керек болот.

Мобилдик тиркемелер – бул биздин өлкөдө өнүгүп жаткан санариптештирүү процесси үчүн абдан зарыл маалыматтык өнүмдөр дагы болуп саналат.

«Суу организмдери» мобилдик тиркемеси

Мобилдик тиркеме суунун сапаты жөнүндө маалыматтарды чогултууга жана жергиликтүү дарыялар менен көлдөрдүн булануу деңгээлинин өзүнчө бир индикаторлору болуп эсептелген ар түркүн организмдерди (макро омурткасыздар) изилдөөгө арналган. Тиркеменин функциялары картадагы организмдин жайгашкан жерин аныктоого, фотосүрөт тартууга, маалыматты кошууга жана сактоого, ошондой эле, изилденген объектинин кайсы топко жана түрчөгө таандык экенин аныктоого мүмкүндүк берет. Тиркеме жергиликтүү сууларда кездешкен жандуу организмдердин толук классификациясын сунуштайт. Чогултулган маалыматтар тиркеменин бардык колдонуучулары үчүн жеткиликтүү онлайн маалымат базасына сактоого жөнөтүлөт. Программа суудан табылган организмдердин саны жана түрлөрү боюнча суунун сапатына талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

«Өсүмдүктөрдүн фенологиясы» мобилдик тиркемеси

Тиркемени өсүмдүктөрдүн сезондук өнүгүү фазаларына (фенофаз), мисалы бүчүрлөрдүн көбүшү жана ачылышы, гүлдөө, мөмөнүн жетилиши сыяктуу ж.б. учурларга мониторинг жүргүзүүгө пайдаланууга болот. Байкоо жүргүзүү үчүн бардык жерде кездешкен өсүмдүктөр: терек, кайың, чычырканак, карагат, ит мурун жана дан куурай тандалып алынган. Ар бир фенофазанын жана өсүмдүктөрдүн сүрөттөлүшү «Field Guide» бөлүмүндө жайгашкан. Фенофазаларга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү, ар бир аймактын климаттык шарттарына жараша өсүмдүктөрдүн өнүгүү динамикасына карап көрүүгө жардам берет.

«Суу организмдери» жана «Өсүмдүктөрдүн фенологиясы» тиркемеси Android 4 версиясы жана iOS системаларында көчүрүп алууга жеткиликтүү. Тиркемени пайдалануу боюнча көрсөтмөнү www.camp.kg сайтынын «Публикациялар» бөлүмүнөн таба аласыздар.

«Жайыттардын мониторинги» мобилдик тиркемеси

«Жайыттардын мониторинги» мобилдик тиркемеси – жайыт комитеттери менен токой чарбалардын ишиндеги пайдалуу жардамчы. Программанын жардамы аркылуу ушул түзүмдөрдүн кызматкерлери жайыт жерлердин мал жаюу алдындагы жазгы жана мал жайылгандан кийинки күзгү абалындагы өзгөрүүлөргө байкоо салып жана баалоо жүргүзө алышат. Онлайн сервис колдонуучуларга жайыттар жөнүндө жеке маалымат базасын түзүүгө жана аларды адистер менен бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Мында учурда анын маалыматтары ачык жеткиликтүү болот. Катталбаган абоненттин маалыматтары өзүнүн гана смартфонунда сакталат. Тиркеменин ыңгайлуу интерфейс, үч тилдеги версиясы бар (кыргыз, орус жана англис тилдери) жана так мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн инструменттерди сунуштайт. Колдонуучуга мониторинг жүргүзүлүп жаткан тилкенин өсүмдүк каптоосу жана түшүмдүүлүгү жөнүндө маалымат жыйноо, анын картадагы жайгашкан ордун көрсөтүүсү зарыл. Киризилген маалыматтар учур чак режиминде серверге жиберилет жана маалыматты талдоонун негизинде жайыттардын абалын жакшыртуу боюнча өздөрүнүн сунуштамаларын даярдаган эксперттер тобунун колдонуусуна жеткиликтүү болот. Бул топтун курамына КР Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин, жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун («Кыргызгипрозем») өкүлдөрү кошулаары пландалууда. Ошентип жайыттардын абалы жөнүндө маалыматтар жайыт саясатын жүргүзүүгө жооптуу органдарга жеткиликтүү болот жана айыл чарбасынын ушул тармагын жакшыртуу боюнча натыйжалуу жана пайдалуу стратегия иштеп чыгууга таасирин тийгизет. Бүгүнкү күнү тиркеме Аксы жана Базар-Коргон райондорунун токой чарбаларынын аймактарында сыноодон өтүп жатат. Аксы районунун Аксы, Аркыт жана Авлетим токой чарбаларынын кызматкерлери жана жергиликтүү жайыт комитеттеринин өкүлдөрү июнда тиркемени пайдалануу боюнча окутуудан өтүштү.

 

"Табият кенчи" мобилдик тиркемеси

Борбордук Азиянын эң кооз өлкөлөрүнүн бири - «Табияттын кенчи» аталган Кыргызстанга көңүл буруңуз, анын абдан бай биологиялык ар түрдүүлүгүн баамдаңыз, жаныбарлардын 1000 ашык, өсүмдүктөрдүн 3500 ашык түрүн изилдеп үйрөнүңүз жана алардын ичинен кайсы түрлөр «Кызыл китептин» коргоосуна алынган билиңиздер.

Натуралисттин шыктарын өнүктүрүңүз жана пайдаланыңыз, Кыргызстандын флора жана фаунасынын сейрек түрлөрү жөнүндө маалыматтарды чогултууда илимпоздорго активдүү жардамчы болуңуз, изилденбеген жаңы түрлөрдү издеңиз.

Жекече байкоолорду киргизүү жана жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн кайсы бир түрүн аныктоо үчүн өзүңүздүн фотосүрөттөрдү мобилдик тиркеменин фотокаталогу менен салыштырып көрүүдө “Табият кенчин” пайдаланыңыз. Сиздин маалыматтар байкоолорду тастыктоо үчүн биоартүрдүүлүк боюнча адистерге келип түшөт, айрымдары чыныгы ачылыш болуп калышы ыктымал! Тастыктоолор канчалык көп болсо, сиздин рейтинг ошончолук жогорулайт!

Өзүңүздүн байкоолорду пофилге топтоңуз жана аларды социалдык тармактарда бөлүшүп, башкаларды туулган жердин жаратылышын изилдеп үйрөнүүгө шыктандырыңыз.

 

GRI