«Жайыттардын мониторинги» мобилдик тиркемеси

«Жайыттардын мониторинги» мобилдик тиркемеси – жайыт комитеттери менен токой чарбалардын ишиндеги пайдалуу жардамчы. Программанын жардамы аркылуу ушул түзүмдөрдүн кызматкерлери жайыт жерлердин мал жаюу алдындагы жазгы жана мал жайылгандан кийинки күзгү абалындагы өзгөрүүлөргө байкоо салып жана баалоо жүргүзө алышат. Онлайн сервис колдонуучуларга жайыттар жөнүндө жеке маалымат базасын түзүүгө жана аларды адистер менен бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Мында учурда анын маалыматтары ачык жеткиликтүү болот. Катталбаган абоненттин маалыматтары өзүнүн гана смартфонунда сакталат. Тиркеменин ыңгайлуу интерфейс, үч тилдеги версиясы бар (кыргыз, орус жана англис тилдери) жана так мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн инструменттерди сунуштайт. Колдонуучуга мониторинг жүргүзүлүп жаткан тилкенин өсүмдүк каптоосу жана түшүмдүүлүгү жөнүндө маалымат жыйноо, анын картадагы жайгашкан ордун көрсөтүүсү зарыл. Киризилген маалыматтар учур чак режиминде серверге жиберилет жана маалыматты талдоонун негизинде жайыттардын абалын жакшыртуу боюнча өздөрүнүн сунуштамаларын даярдаган эксперттер тобунун колдонуусуна жеткиликтүү болот. Бул топтун курамына КР Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигинин, жерге жайгаштыруу боюнча долбоорлоо институтунун («Кыргызгипрозем») өкүлдөрү кошулаары пландалууда. Ошентип жайыттардын абалы жөнүндө маалыматтар жайыт саясатын жүргүзүүгө жооптуу органдарга жеткиликтүү болот жана айыл чарбасынын ушул тармагын жакшыртуу боюнча натыйжалуу жана пайдалуу стратегия иштеп чыгууга таасирин тийгизет. Бүгүнкү күнү тиркеме Аксы жана Базар-Коргон райондорунун токой чарбаларынын аймактарында сыноодон өтүп жатат. Аксы районунун Аксы, Аркыт жана Авлетим токой чарбаларынын кызматкерлери жана жергиликтүү жайыт комитеттеринин өкүлдөрү июнда тиркемени пайдалануу боюнча окутуудан өтүштү.