Биз жөнүндө

«CAMP Алатоо» коомдук фонду «Борбордук Азиянын тоолуу өнөктөштүк программасынын» (САМР) мураскору катары 2004-жылы негизделген. «CAMP Алатоо» айыл жамааттарынын маалымдуулугун жогорулатуу жана аларды табигый ресурстарды башкаруунун жүрүшүнө жана аяр мамиле жасоого тартуу үчүн көп түрдүү ыкмаларды колдонуу менен инновациялык, натыйжалуу жана ошол эле учурда жөнөкөй жана жеткиликтүү технологияларды иштеп чыгат.

Миссия

Аймактык «САМР Алатоо» КФ умтулуусу жогорку жамааты менен табигый ресурстарды ар тараптуу башкаруу, өнүктүрүү жолдору, адаптациялоо жана дүйнөлүк жана жергиликтүү тажрыйбаны колдонууга киргизүүнүн негизинде Борбордук Азиядагы жамааттардын жашоо деӊгээлин жакшыртууга активдүү көмөк көрсөтөт. Фонддун ишмердүүлүгү табигый ресурстарды жергиликтүү деӊгээлде туруктуу башкаруу үчүн эл аралык донорлордун колдоосунда тоолуу аймактарда ишке ашырылып жаткан долбоорлордун алкагында натыйжалуу ыкмаларды жана инструменттерди иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө багытталган. Уюм коллегиялуу чечим кабыл алуу, демилгелерди колдоо жана дем берүү негизги принциптер болуп саналган демократиялык башкарууну карманат. Ал эми долбоордук ишмердүүлүккө жана уюмдун иштерине байланыштуу маселелерди чечүү үчүн кызматкерлердин арасынан жумушчу топторду түзүү ыкмасы, фонд 2018-жылдан тартып пайдаланып келген натыйжалуу механизмдердин бири болуп саналат.

Өнөктөштүк тармакты өнүктүрүү

 «CAMP Алатоо» КФ БӨУ, консультациялык борборлорду, жергиликтүү эксперттерди, мамлекеттик түзүмдөрдү, илимий жана билим берүү мекемелерин камтыган туруктуу өнөктөштүк тармакка ээ. Фонд кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүнү жана чыӊдоону, ошондой эле, табигый ресурстарды башкаруу жана тоолуу жамааттарды өнүктүрүү жаатында иш жүргүзгөн уюмдардын дараметин жогорулатууну өзүнүн стратегиялык милдеттеринин бири катары эсептейт.

Маалыматтык саясат

 «CAMP Алатоо» КФ өзүнүн ишмердүүлүгүндө коомчулук өкүлдөрү, донорлор жана өнөктөштөр менен активдүү маалымат алмашуу аркылуу ачыктыкка жана айкындуулукка, жемиштүү диалог жүргүзүүгө жана коомчулук менен жигердүү байланышты колдоого умтулат.