САМР форуму

САМР ФОРУМУ

Борбордук Азиянын тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүү боюнча жыл сайын форумдарды өткөрүүнүн тажрыйбасы, бул Форум кызыктар жактар жана уюмдардын өкүлдөрүн тартуу менен көп деӊгээлдүү негиздеги диалог катары эӊ биринчи кезекте өз ара сый жана ишеним жаратууга өбөлгө түзөөрүн далилдеди, бул бардык катышуучулардын кызыкчылыктарына жооп берген чечимдерди кабыл алуунун негизги шарты болуп саналат. Форум тоолуу жамааттарга тажрыйба жана маалымат алмашууга, өз пикирин билдирүүгө жана үнүн жеткирүүгө, өз демилгелерин, идеяларын сунуштоого жана аларды жүзөгө ашырууга колдоо табууга мүмкүндүк берет. Форум аймактык алкак менен чектелбестен, дайыма катышуучулар жана талкуулана турган маселелер чөйрөсүн жергиликтүү деӊгээлден глобалдык деӊгээлге чейин кеӊейтүүгө умтулат.

ХРОНОЛОГИЯ

2002 Кыргызстан

Кыргызстандын демилгеси менен Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы 2002-жылды Эл аралык тоолор жылы деп жарыялады. Бишкекте Борбордук Азиялык тоолуу өнөктөштүк программасынын (САМР) колдоосунда жана Швейцариянын Өнүгүү жана кызматташуу башкармалыгынын (ШУРС) каржылоосунда Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселеси боюнча биринчи конференция өткөрүлгөн. Конференциянын ишине Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Альпы альянсынын тоолуу жамааттарынын өкүлдөрү катышкан. Анда Альпы альянсынын үлгүсүндө Тоолуу жамааттардын альянсын (АГОЦА) түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

2003 Тажикстан

Швейцариянын өнүгүү жана кызматташуу башкармалыгынын (ШУРС) колдоосу менен Душанбеде Борбордук Азиянын тоолуу альянсынын (АГОЦА), САМР программасынын жана Аймактык экологиялык борбордун экинчи уюштуруу Конференциясы болуп өткөн.

2004 Казакстан

Алматыда салт болуп калгандай, жылда өтүүчү үчүнчү АГОЦА Конференциясы «Социалдык мобилизация жана айылдарды өнүктүрүү: айылдарды өнүктүрүүдөгү мүмкүнчүлүктөр жана чектөөлөр». Иш-чара САМР программасынын техникалык көмөгү жана Швейцариянын Кызматташтыкты өнүктүрүү башкармалыгынын (ШУРС), Германиянын Курчап турган чөйрөнү, жаратылышты коргоо жана ядролук коопсуздук федералдык министрлигинин каржылык колдоосу менен болуп өттү.

2005 Кыргызстан

Бишкекте «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун туруктуу өнүгүүдөгү ролу» аттуу эл аралык Конференциясы болуп өттү. Анда Борбордук Азиянын тоолуу жамааттар альянсынын (АГОЦА) жана Альпы, Кавказ, Карпат, Алтай жана Монголиянын тоолуу жаматтарынын айылдарынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуу САМР программасынын көмөгү, Швейцариянын Кызматташтыкты өнүктүрүү башкармалыгынын (ШУРС), Альпы Конвенциясынын сегиз мүчө-мамлекетинин жана Германиянын Курчап турган чөйрөнү, жаратылышты коргоо жана ядролук коопсуздук федералдык министрлигинин каржылык колдоосунда өткөрүлдү.

2006 Тажикстан

Борбордук Азиялык тоолуу өнөктөштүк (САМР) – САМР программасынын мураскорлору - Кыргызстандагы "САМР Алатоо" КФ, Казакстандагы "САМР Консалтинг", Тажикстандагы "САМР Кухистон" жана АГОЦА уюмдарынын башын кошкон тармак. АГОЦА «Айылдар үчүн энергетикалык ресурстарды туруктуу пайдалануунун стратегиясы» темасында Борбордук Азиянын тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүү боюнча форум өткөрүү демилгесин көтөрдү. Иш-чара Тажикстан менен Кыргызстандагы РЭЦЦА филиалдарынын, Курчап турган чөйрөнү өнүктүрүү борборунун (CDE, Швейцария) көмөгү менен уюштурулду жана Тажикстандын Энергетика министрлигинин колдоосу алдында өткөрүлдү. Швейцариянын Кызматташтыкты өнүктүрүү башкармалыгынын (ШУРС), Лихтенштейн княздыгы, Түндүк-Түштүк илимий изилдөө программасы, ЕККУ (Кыргызстан) каржылык колдоо көрсөттү.

2007 Казакстан

Алматыда «Мамлекеттик түзүмдөр менен жергиликтүү жамаат деӊгээлинде кызматташуу» деген аталыш менен Борбордук Азиянын тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүү боюнча САМР Форуму болду. Иш-чара Швейцариянын Кызматташтыкты өнүктүрүү башкармалыгынын (ШУРС) жана Германиянын Курчап турган чөйрөнү, жаратылышты коргоо жана ядролук коопсуздук федералдык министрлигинин (BMU) каржылык колдоосунда өткөрүлдү. Форумдун ишине тажик делегациясынын катышуусун Тажикстандагы «Сорос» фонду колдоого алды.

2008 Кыргызстан

Бишкекте «Тоолуу жамааттар жана бизнес түзүмдөр – диалог жана кызматташуунун жолдору» деп аталган Борбордук Азиянын тоолуу аймактарын туруктуу өнүктүрүү боюнча САМР Форуму болуп өттү. Форумду даярдоого жана өткөрүүгө төмөнкү уюмдар колдоо көрсөттү жана активдүү катышты: Германиянын Курчап турган чөйрөнү, жаратылышты коргоо жана ядролук коопсуздук федералдык министрлигинин (BMU), КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча улуттук агенттиги, «Туруктуу өнүгүү үчүн курчап турган чөйрөнү коргоо» БУУӨП Программасы, Швейцариянын Кызматташтыкты өнүктүрүү башкармалыгы (ШУРС), Германия техникалык кызматташуу коому (GTZ), Швейцариянын Эл аралык кызматташтык ассоциациясы, «Сорос» фонду, Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС).

2009 Тажикстан

«Борбордук Азиядагы эмгек миграциясы – көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору» форуму Душанбе шаарында болду. Ал гендердик өӊүткө өзгөчө көӊүл буруу менен эмгек миграциянын көйгөйлөрүнө арналган. Иш-чараны САМР тармагы АКТЕД (Техникалык өнүктүрүү жана кызматташуу агенттиги) уюму менен кызматташтыкта Германиянын Курчап турган чөйрөнү, жаратылышты коргоо жана ядролук коопсуздук федералдык министрлиги (BMU), Швейцариянын Кызматташтыкты өнүктүрүү башкармалыгы (ШУРС), Эл аралык миграция уюму (ЭМУ) жана Борбордук Азия (БАУ) университетинин каржылык колдоосунда өткөрүлгөн.

2010 Казакстан

Алматыда «Борбордук Азиянын тоолуу жамааттары климаттык өзгөрүүнүн шартында – аракетке чакырык. Жергиликтүү тобокелдиктерге жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр» аттуу САМР Форуму болуп өттү. Жолугушууну уюштуруу Германиянын Курчап турган чөйрөнү, жаратылышты коргоо жана ядролук коопсуздук федералдык министрлигинин (BMU), Тоолуу өнөктөштүктүн (Тоолуу өлкөлөрдүн эл аралык альянсы) жана Борбордук Азиядагы табигый ресурстарды туруктуу пайдалануу боюнча аймактык GIZ программасынын колдоосунда мүмкүн болду.

2011 Кыргызстан

Бишкекте «Тоо экологиялык өнүмү – Борбордук Азиядагы тоолуу жамааттар үчүн тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр» деп аталган САМР Форуму болуп өттү. Форумдун иши тоолуу аймактардын экологиялык таза өнүмдөрдү өндүрүүнүн дараметин, тоскоолдуктарын жана мындай өнүмдөрдү даярдап чыгаруунун артыкчылыктарын аныктоого багытталган. Иш-чара Германиянын Курчап турган чөйрөнү, жаратылышты коргоо жана ядролук коопсуздук федералдык министрлигинин (BMU) колдоосунда жана Эл аралык тоолуу өнүктөштүк уюмунун техникалык көмөгү менен өткөрүлдү.

2012 Тажикстан

Душанбеде өткөн «Жер ресурстарын туруктуу башкаруу» САМР Форуму Тажикстандын Айыл чарба министрлигинин колдоосу алдында жана Германиянын Курчап турган чөйрөнү, жаратылышты коргоо жана ядролук коопсуздук федералдык министрлигинин (BMU) каржылык колдоосунда болуп өттү.

2013 Кыргызстан

27-29-август күндөрү Бишкекте Борбордук Азиянын тоолуу жамааттарын туруктуу өнүктүрүү боюнча «Энергия-Эффективдүүлүк-Келечек: Борбордук Азиянын тоолуу жамааттары үчүн мүмкүнчүлүк жана инновация» темасындагы САМР Форуму болуп өттү. Форум Германиянын Курчап турган чөйрөнү, жаратылышты коргоо жана ядролук коопсуздук федералдык министрлигинин (BMU), Лихтенштейн княздыгынын Курчап турган чөйрөнү коргоо, жер пайдаланууну пландаштыруу, айыл жана токой чарбасы министрлигинин, Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) каржылык колдоосунда өткөрүлдү. "САМР Алатоо" КФ кошумча колдоону Борбордук Азиядагы өнөктөштөр тармагынан жана «Юнисон» КФ алды.