Туруктуу өнүгүү максаттары

Жакырчылыкты жоюу

Биз социалдык таасирдүү долбоорлорду иштеп чыгабыз жана жүзөгө ашырабыз. Биздин туруктуу чечимдер, ресурстарды сабаттуу жана сарамжалдуу башкаруунун эсебинен адамдардын жашоо деӊгээли жогорулашы үчүн калк арасындагы көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Биз даяр балыкты эмес, кайырмак беребиз!

Сапаттуу билим берүү

Биз новатордук ыкмаларды иштеп чыгабыз жана билим берүү жаатындагы ийгиликтүү эл аралык тажрыйбаларды ылайыктайбыз. Биздин көпчүлүк долбоорлорго «экологиялык билим берүү жана агартуу» компонентин коштук. Биз мектеп окуучуларына билим беребиз, экологиялык көйгөйлөрдү чечүү жана ТӨМ чакырыктары менен иштешүү үчүн зарыл болгон тутумдук жана сынчыл ой жүгүртүүнү жана умтулууну калыптандырабыз.

Гендердик теӊдик

Биз жүзөгө ашырып жаткан долбоорлордун жардамы аркылуу аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеӊейтүүнү жактайбыз. Биздин семинарлардын катышуучуларынын 30% кыздар жана аялдар түзөт. Биз аялдардын билим алуусун, анын ичинде заманбап технологиялар – компьютерлерди, Интернетти, атайын программаларды өздөштүрүүсүн туруктуу өнүгүүнүн шарты деп эсептейбиз.

Арзан жана таза энергия

Биз эл аралык эксперттер менен кызматташтыкта отунду толук күйгүзгөн, энергия керектөөнү 30-40% кыскарткан жана турак жай ичинде ыӊгайлуу микроклимат түзгөн меш/от казандардын жаӊы моделдерин иштеп чыктык. Тесттер менен ченөөлөр көрсөткөндөй, мештер менен от казандардын пайдалуу таасир коэффициенти 70% ашык натыйжаны түздү (бул рыноктогу сунуштардан үч эсе жогору).

Индустриялаштыруу, инновациялар жана инфраструктура

Биз жамааттар менен бирге өлкөнүн булуӊ-бурчундагы 90 тоо көпүрөлөрүнөн өттүк. Бирок «Көпүрөдөн өтүүдөн мурда алгач ага жакын бар» деген макалда айтылгандай, биринчи аны барып көрүү керек. Биз бузулган көпүрөлөрдү көрдүк, ал эми кээ бир райондордо алар таптакыр жок экен. Мындай объектилердин жоктугу адамдардын жашоосун гана кыйындатпайт, бул ресурстарды пайдалануу тартибин дагы бузат.

Климаттык өзгөрүү менен күрөшүү

Биз жаматтар менен биргеликте алардын климаттык өзгөрүүлөргө ыӊгайлашуусуна көмөктөшө турган чараларды иштеп чыгабыз жана дайыма адамдар туруктуу өнүгүү үчүн колдоно турган экосистемаларды, өнүмдөрдү көздөйбүз. Климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирлерин азайта турган ар кандай технологияларга окутуу, кеӊеш берүү жана иш жүзүндө колдонуу менен бирге биз адаптация жергиликтүү жашоочуларга жаӊы киреше булактары боюнча идеяларды алып келээрин байкадык.

Жер бетиндеги экосистемаларды сактоо

Биз кесиптик жана айыл жамааттарына жерлерди өз калыбына келтирүүгө көмөктөшө турган билим, инструмент жана технологияларды берүү менен чөлгө айланууга жана токойлорду жок кылууга каршы күрөшөбүз. Биз бардык кызыктар жактарга дүйнөлүк коомчулуктун жерлердин бузулушунун алдын алуу боюнча тажрыйбасы жана күч-аракеттери жөнүндө маанилүү маалыматтарды жеткирүү үчүн маалыматтык борборлорду түзөбүз.

Туруктуу өнүгүү үчүн өнөктөштүк

Биз табигый ресурстарды башкаруу жаатында туруктуу өнүгүүнү илгерилетүү үчүн мамлекеттик органдар, өкмөттүк эмес уюмдар жана донорлор менен өз ара кызматташуу үчүн дайыма ачыкпыз. Жайыттарды башкаруу боюнча райондук комиссияларды жана коомдук микро корук түзүү, ресурстар үчүн чыр-чатактарды чечүү тууралуу жана токой чарбаларын колдоо жөнүндө биздин демилгелерибиз мамлекеттик профилдик түзүмдөр тарабынан туура жана түшүнүү менен кабыл алынды жана ылайыктуу чечимдер менен бекемделди.