Салымдар

Көмүртек изиңизди азайтыңыз

Киши климатка кандай таасирин тийгизет? Адамдын жашоо ишмердүүлүгү – анын самолет менен саякатка барганы, автоунаа менен сапарга чыкканы жана атүгүл сырттан келген мөмө жемиштерге артыкчылык бергени – ошол парник таасирин жаратат жана көмүртек изин калтырат. Көмүртек изи деген эмне? Адамдын ар түрдүү ишмердүүлүгүнөн улам түзүлгөн парник газдарынын таштандысы (көмүр кычкыл газы, озон, метан) атмосферага топтолот жана парник таасирин күчөтөт. Ар ким өзүнүн көмүртек изин эсептей алат жана аны кыскартуунун оңой кадамдарын аткара алат. Бул үчүн сиздин үйүңүз эмне менен жылытылат, автоунааны канчалык көп колдоносуз, жылына самолет менен канча жолу учасыз, кийимге, кагаз китептерге канча акча коротосуз жана атүгүл дасторконго кандай азык-түлүк сатып алып жатканыңызды дагы талдап жана эсептеп чыгуу керек. Булар болжолдуу эсептер болсо дагы сиз өзүңүз түзүп кылып жаткан парник газдарынын булактары жөнүндө билүүгө жардам берет. «САМР Алатоо» КФ сиздерге өзүңүздөрдүн көмүртек изин азайтуунун бир нече натыйжалуу ыкмаларын сунуштайт.

Көмүртек изиңизди азайтыңыз

Өзүңдүн үйүңдү жылуула

Өз үйүндүн энергетикалык натыйжалуулугуна кам көр: энерго – жана жылуулук камсыздоонун коэффиценти канчалык төмөн болсо, аны жылытууга ошончо көп электр кубаты талап кылынат

Экологиялык таза жана энергияга үнөмдүү «Жалын» мештери менен от казандарын пайдалан

2016-жылдан тартып «САМР Алатоо» КФ энергия натыйжалуу жылытуучу мештерди иштеп чыгуу, куруу жана сыноо менен иштеп келет. Атайын жабдылган цехет «Жалын» мештери жана от казандар даярдалат.

Дарак отургуз

«САМР Алатоо» КФ жамааттар менен биргеликте бак-дарак көчөттөрүн тигип жана көчөттөрдү өстүрүү үчүн питомниктерди түзүү менен жашыл аянттарды көбөйтүүдө. Бул акцияларды колдоп, өз дарагыңды отургуз жана чөлгө айланууга жана токойлордун жок болушуна каршы күрөшкө өз салымыңды кош.