Салымдар

Тоо көпүрөлөрү

Бийик тоолуу аймактардын калкы үчүн көпүрөлөр – айылдын чегинен тышкары дүйнөгө кеңири жол ачкан жардамчы каражат. Көпүрөлөр адамдарга коңшулаш айылдарга каттоого жардам берет, алыскы жайыттарга жетүүгө жол ачат, жаңы туристтик маршруттарды түзүүгө көмөктөшөт жана эң башкысы адамдардын кичи мекени менен байланышын сактайт. Көпүрөлөр – өлкөнүн тоолуу аймактарынын инфратүзүмүнүн маанилүү объектилери.

Учурдагы долбоорлор

Тоо көпүрөлөрү 2022-2023

Быйыл өлкөбүздүн төрт аймагында 6 көпүрө курулат.

Тоо дарыяларына жаңы көпүрөлөрдү куруу демилгеси чет өлкөлүк адамга таандык. Швейцариянын жараны Бернард Репонд 2000-жылдардын башында Кыргызстанга турист катары келген. Тоолуу аймактагы сейилдөөлөрдүн биринде ал жергиликтүү чабандарын болгон малын бир гана жайыт тилкесине жайып жатканын көргөн. «Эмнеге малды башка жайыттарга жайганга болбойт?», - деген суроого ал «сууну аркы өйүзүнө малды өткөрө турган көпүрө жок», - деген жоопту уккан. Карапайым француз тили мугалими абдан энтузиаст инсан экен. Ал Кыргызстандагы «САМР» программасынын (Central Asia Mountain Partnership – Борбордук Азиялык тоолуу өнөктөштүк) директору Эрнест Габатуллер менен тоо көпүрөлөрүнүн көйгөйүн талкуулагандан кийин аракет планын түзүшөт. Мекенине кайтып баргандан соң Бернард Репонд «Pamir’s bridges» ассоциациясын негиздеген жана Кыргызстандагы тоо көпүрөлөрүн реконструкциялоо жана куруу үчүн акча издей баштайт (Бүгүнкү күнү Швейцарияда бул жаатта 27 коомук уюм иш жүргүзөт).

Биздин өлкөдөн ошол ассоциацияга Швейцария өкмөтүнүн колдоосунда иштеп жаткан «САМР» программасы өнөктөш болгон. Кийин «CAMP Алатоо» коомдук фонду анын мураскору болуп калды, учурда коомдук уюм «Кыргызстандын тоо көпүрөлөрү» долбоорун илгерилетүүдө жергиликтүү консультант болуп саналат.

Аяктаган долбоорлор

Тоо көпүрөлөрү 2017-2019

Ушул аралыкта Кыргызстанда жана Тажикстанда 6 көпүрө курулган жана 4 көпүрө оңдолгон

Тоо көпүрөлөрү 2019-2021

Ушул убакыт ичинде Кыргызстандын алыскы тоолуу райондорунда 7 көпүрө курулган.