Салымдар

Тоо көпүрөлөрү 2019-2021

Ушул убакыт ичинде Кыргызстандын алыскы тоолуу райондорунда 7 көпүрө курулган.

Жаңы көпүрөлөр Нарын облусунун Ак-Талаа жана Жумгал райондорунда, Жалал-Абад облусунун Токтогул жана Аксы райондорунда, Баткен облусунун Лейлек районунда пайда болду. Айыл тургундары малын бийик тоолуу жайыттарга жаюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту, чек арачылар жана токой чарбалардын кызматкерлери өздөрүнүн жумуш ордуна эч кыйналбай жетип алышууда, ал эми туристтер үчүн жаңы маршруттар ачылды.

Долбоордун шарттары боюнча курулган жана калыбына келтирилген көпүрөлөрдү оңдоо жана тейлөө милдетин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнө алат.