Салымдар

Тоо көпүрөлөрү 2017-2019

Ушул аралыкта Кыргызстанда жана Тажикстанда 6 көпүрө курулган жана 4 көпүрө оңдолгон

Жаңы көпүрөлөр Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жана Хорогдо пайда болду (ТБАО, Тажикстан). Ал эми курулуштарга капиталдык оңдоп-түзөө Жала-Абад облусунун Аксы районунда, Талас облусунун Талас жана Бакай-Ата райондорунда жасалган. Көпүрөлөр жергиликтүү малчыларга алыскы жайытка малды айдап жеткирүүгө ыңгайлуу шартты камсыздады, мурда аларга жайлоого жетүү үчүн бир нече күн айланып жол жүрүүгө туура келчү.

Айта кетсек, Ак-Талаа районунда «САМР Алатоо» КФ жана «Pamir's bridges» швейцариялык асоциациясынын колдоосунда Ала-Буга дарыясы аркылуу 27 метрлик көпүрө курулуп бүткөрүлгөн, ал курулуш «Кыргызстандын тоолуу региондорундагы көпүрөлөрдү куруу жана реабилитациялоо» долбоору иштеп жаткан кездеги эң узун көпүрө болуп калган.