Салымдар

Тоо көпүрөлөрү 2022-2023

Быйыл өлкөбүздүн төрт аймагында 6 көпүрө курулат.

Ысык-көл облусунун Темир айыл аймагында Кичи-Карагай-Булак дарыясына көпүрө куралат, анын суусу өзгөчө жазында бийик көтөрүлүп, дарыянын экинчи жээгине кечип өтө турган чабандарга жана малга олуттуу коркунуч жаратат. Жергиликтүү жайыт комитетинин долбоор боюнча көпүрөнүн узундугу 6 метрди, туурасы 3 метрди түзөт.

Ак-Чий айыл аймагында авариялык абалда турган жана пайдаланууга жараксыз көпүрөнү оңдоо пландалаган. Мындай начар абалына карабастан көпүрөнү малчылар, Караколдон Хан-Теңир чокусун көздөй багыт алган айдоочулар, туристтер жана альпинисттер пайдаланып келет. Оңдолгондон кийин көпүрөнүн узундугу 30 метрди, туурасы 3,5 метрди түзүп калат. Бул «САМР Алатоо» КФ менен Швейцариянын «Pamir’s Bridges» ассоциациясынын финансылык жана техникалык колдоосунда курула турган дагы бир көпүрө. Узундугу 27 метрге жеткен биринчи көпүрө буга чейин Нарын облусунда курулган.

Нарын облусунда жаңы объектилер Кара-Кужур айыл аймагында жана Ак-Талаа токой чарбасынын аймагына курулат. Кара-Кужурдагы көпүрө малчыларга Лакол дарыясы аркылуу өтүү үчүн кызмат кылат, ал эки Кол-Кайың дарыясына салынган көпүрө токой чарбасынын кызматкерлерине токой питомнигине жетүүгө шарт түзөт. 

Жалал-Абад облусунун дагы бир токой чарбасында Итагар дарыясына курула турган көпүрө Жерге-Тал жана Авлетив айыл аймактарынын 65 жашоочусуна аянты дээрлик 3000 га жайытка жетүүгө жол ачат. Ал эми Ош облусунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу эң алыскы тоолуу Кутурган айылында көпүрөнү оңдоп-түзөө айылды эки бөлүп аккан аталышы окшош дарыядан өтүү көйгөйүн чечет. План боюнча, ал көпүрөнүн узундугу 8 метр жана туурасы 1,5 метрди түзөт.