Салымдар

"Байбоосун жаратылыш коругу" КФ

"Байбоосун" микро коругу, Ысык-Көл облусунун Тоң району

"Байбоосун жаратылыш коругу" КФ

"Байбоосун" микро коругу, Ысык-Көл облусунун Тоң району

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы «Байбоосун» капчыгайында жайгашкан, аянты 14 миң гектарды түзгөн корук биологиялык ар түрдүүлүктү, экосистемаларды, жайыт өсүмдүктөрүнүн генофондун сактоо, аңчылык чарбаларды институционалдык өнүктүрүү, ландшафттардын эстетикалык жагымдуулугун жогорулатуу максатында 2018-жылы «коомдук микро корук» макамын алган. Ушул демилге «Жайыттарды башкаруунун натыйжалуу комплекстүү механизмдерин киргизүү аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо» долбоорунун алкагында Sigrid Rausing Trust уюмунун каржылык колдоосу аркылуу жүзөгө ашырылган.

Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын микро корукка келген экспедициясынын мүчөлөрү анын аймагында илбирстин жана дагы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген сүт эмүүчүлөрдүн 17 түрүнүн бардыгын тастыкташты. Алардын арасында – мадыл, суусар, түркстан сүлөөсүнү, түлкү, тоо эчки, суур, ошондой эле, канаттуулардын 60 түрү (6 түр Кыргызстандын Кызыл китебине жана Жаратылышты коргоонун эл аралык союзунун тизмесине киргизилген) жана өсүмдүктөрдүн 500 түрү бар. Экспедициянын мүчөлөрү алынган маалыматтардын негизинде микро корук түзүүгө негиздеме жана сунуштама беришти. Алардын пикири боюнча, «Байбоосун» аймагы «Тескей Ала-Тоо» кыркасынын борбордук бөлүгүнө мүнөздүү флора менен фаунанын жогорку ар түрдүүлүк деңгээлине ээ. Жакын аралыкта өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын жоктугун эске алганда, «Байбоосун» өсүмдүк каптоосун жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоодо зор маанилүү кызматты аткарат.  

«Коомдук корук» моделинде корукту жана жайыттарды сактоо жана коргоодо жергиликтүү жамааттардын жоопкерчилиги каралган. Андагы тартипти жана укук бузууларды жергиликтүү жашоочулардан – аңчылар жана балыкчылар коомунун мурдагы мүчөлөрүнөн турган егер кызматы камсыздайт. Коруктун зонасын коргоо үчүн егерлерге фото капкандар, GPS - навигаторлор, рациялар, дүрбүлөр, талаа кийиминин комлектилери берилген. Коомдук бирикменин мүчөлөрү берилген жабдууларды колдонуу менен “Байбоосун” коругунун аймагында үзгүлтүксүз рейддерди жана ар түрдүү биотехникалык иш-чараларды жүргүзүп турат.

Коомдук егерлер микро коруктун аймагынан тышкары өндүрүштүк-сатып өткөрүү тизмегине катышып жаткан “Байбоосун жаратылыш коругу» коомдук фондун түзүштү. Бул ишке атүгүл чабандарды жана конок үйлөрдүн ээлерин тарткан аталган система, сыр, курут, чычырканак, бөрү карагат өндүрүү, ошол азыктарды сатып алуу, таңгактоо жана «Байбоосун» бренди менен конок үйлөргө жана туристерге сатып өткөрүү аркылуу айыл тургундарына каржылык туруктуулукту камсыздайт.   

Корук зонанын аймагында жашынуучу 3 көмүскө жай орнотулган (жапайы жаныбарларга жана канаттууларга байкоо салуу үчүн жабык чакан курулма). Алар фото аңчылык жана бердвотчингге кызыккан туристтерге арналган.

«Табият кенчи» мобилдик тиркемесинин жардамы менен Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүнө, анын ичинде, «Байбоосун» микро коругуна мониторинг жүргүзүүгө жана маалымат чогултууга болот.

Фото капкандардын интернеттеги ачык жеткиликтүү видеолорун төмөнкү ресурстар жайгаштырат

www.ruptly.tv  (https://www.ruptly.tv/en/videos/20211123-009-Camera-trap-captures-elusive-snow-leopards-in-Kyrgyzstan)  и www.yandex.ru (https://disk.yandex.ru/i/ble-5wcQJxZ_qA).