Салымдар

"Ала-Тоо Бугу" КБ

"Чон-Жаргылчак" зоологический атайын коругу, Ысык-Көл облусунун Жети-Өүз району

«Жаргылчак» мамлекеттик атайын коругу 1990-жылы түзүлгөн жана 23 миң гектардан ашык аянтты ээлейт. Анын аймагында Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген тянь-шань күрөң аюусу, илбирс, марал, көптөгөн ири жырткыч куштар жашайт. Азыркы учурда «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын дирекциясына карайт жана башка өзгөчө корголуучу аймактар менен бирге флора, фауна, урук фондун сактоо жана мыйзасыз аңчылардан коргоо чараларына муктаж. Бул милдетти жарым-жартылай же толук мыйзамдуу түрдө ар кандай коомдук бирикмелер аткара алат. Коруктун коргоо режимин камсыздоо, анын аймагында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө мониторинг жүргүзүү, малды жаюунун заманбап усулдарын колдонууга киргизүү, ишмердүүлүктүн экологиялык, илимий жана экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу милдеттерин чечүү үчүн 2021-жылы жергиликтүү активисттер тарабынан түзүлгөн "Ала-Тоо Бугу" коомдук бирикмеси ушундай уюмдардын бири.

 «Байбоосун» микро коругунда иштеп жаткан моделдин негизинде «САМР Алатоо» КФ буга чейин жергиликтүү жашоочуларды экологиялык азыктарды (сыр) өндүрүүгө окутту, «Алатоо Бугу» КБ бирикмесинин мүчөлөрүнөн турган коомдук егерлерди рациялар, GPS-навигаторлор, дүрбүлөр жана менен оргтехника менен камсыздады. Микро коруктун аймагында маалыматтык такталар орнотулду.