Биздин ресурстар

Сайттар, платформалар, онлайн инструменттер – бул аткарылган иштердин жыйынтыгын жайылтуу, коммуникациялык жана артка кайтарым байланышты түзүү, ар түрдүү документтерди иштеп чыгуу үчүн зарыл болгон усулдарды берүү, статистикалык жана башка маалыматтарды чогултуу максатында «САМР Алатоо» КФ ар түрдүү долбоорлорунун маалыматтык өнүмдөрү. 

EBA

http://eba.camp.kg/ (Ecosystеm-based Adaptation) – «Борбордук Азиянын бийик тоолуу райондорундагы климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашуу үчүн экосистемалык ыкма» долбоорунун маалыматтык өнүмү.

Бул демилгени регионалдык мамлекеттик түзүмдөрдөн, эл аралык жана аймактык жергиликтүү бейөкмөт уюмдардан, изилдөө институттарынан жана билим берүү мекемелеринен турган консорциум жүзөгө ашырды. Долбоорду ишке ашырууда жетектөөчү координациялоочу роль жана каржылык колдоо Эл аралык климаттык демилгеге (ICI), Германиянын айлана-чөйрөнү, жаратылышты коргоо жана ядролук коопсуздук федералдык министрлигине жана Германия эл аралык кызматташтык коомуна (GIZ) таандык. «САМР Алатоо» КФ менен «САМР Табиат» КФ долбоорду Кыргызстанда ишке ашырууда өнөктөш катары катышты.

Сайтта долбоорду Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда ишке ашыруунун алгачкы этаптары жөнүндө толук маалымат – экосистемалык мамиленин концепциясын, максаттарын жана милдеттерин баяндоодон тартып, аны колдонуунун айкын кадамдары жайгаштырылган. Долбоордун тарыхы жана аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат сайттын бөлүмдөрүнө чогултулган жана бардык зарыл материалдар – климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашуу боюнча аракет пландары, климаттык тобокелдиктер жана аларды басаңдатуу чараларын экономикалык баалоо боюнча боюнча колдонмолор, ийгиликтүү экосистемалык мамилени мамлекеттик саясатка киргизүү боюнча изилдөөлөр, инфографикалар, видеосюжеттер жана фотографиялар колдонуучунун кол алдында болгудай кылып топтоштурулган.

GREEN CA

http://greenca.tilda.ws/ - бул Борбордук Азиянын экономика жана курчап турган чөйрө жаатындагы биргелешкен аракеттенүүсү боюнча кызмат көрсөтүүлөрү үчүн «Green CA» регионалдык экологиялык эксперттик тармагынын платформасы. Тармак таасирдүү практикалык тажрыйбага жана жашыл экономика принциптерине негизделген Борбордук Азиядагы 13 уюмду жана 58 адистин башын бириктирет, ар түрдүү документтердин экспертизасын жана долбоордук менеджментин даярдоо, консалтингдик колдоо, потенциалдык жогорулатууга баалоо жана талдоо жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт.

Электрондук жайыт комитети

https://jc.camp.kg/ - «Электрондук жайыт комитети» (ЭЖК) санариптик инструменти жаратылыш ресурстары жаатында иштеген мамлекеттик түзүмдөргө жана жайыт комитеттерине жер пайдаланууну башкаруу үчүн жардам катары иштелип чыккан. Маалыматтарды киргизүү жана автоматтык түрдө иштетүү бул программанын негизги процесси болуп саналат. Бул инструменттин артыкчылыктарынын бири, чогултулган маалымат жайыт комитеттеринин жайыттарды башкаруунун интеграцияланган планын даярдоосун жеңилдетет.

Системада ар бир жайыт комитетинин жеке профили жана кабинети бар, анда алардын жайгашкан орду, байланыштар, идентификациялык номер, сыйымдуулуктун көрсөткүчтөрү, өсүмдүктөрдүн өндүрүмдүүлүгү, басымы (малдын жайыт тилкесиндеги саны), чабандардын жана мал жаюуга берилген билеттердин саны тууралуу ж.б.у.с. маалыматтар көрсөтүлгөн. Жайыт комитетинин бюджетин аткарууну көзөмөлдөө, инвентаризациялоо, жайыттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү - ЭЖК башка пайдалуу иш-милдеттерине кирет.

Электрондук системага КР Айыл, суу чарба жана региондоржу өнүктүрүү министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбачылыгы департаменти администратор катары кызмат кылат. ЭЖК пайдалануу менен бул орган жайыт комитеттеринин ишмердүүлүгү жана жайыт жерлердин абалы жөнүндө толук маалыматтык түшүнүк алат.