Электрондук жайыт комитети

https://jc.camp.kg/ - «Электрондук жайыт комитети» (ЭЖК) санариптик инструменти жаратылыш ресурстары жаатында иштеген мамлекеттик түзүмдөргө жана жайыт комитеттерине жер пайдаланууну башкаруу үчүн жардам катары иштелип чыккан. Маалыматтарды киргизүү жана автоматтык түрдө иштетүү бул программанын негизги процесси болуп саналат. Бул инструменттин артыкчылыктарынын бири, чогултулган маалымат жайыт комитеттеринин жайыттарды башкаруунун интеграцияланган планын даярдоосун жеңилдетет.

Системада ар бир жайыт комитетинин жеке профили жана кабинети бар, анда алардын жайгашкан орду, байланыштар, идентификациялык номер, сыйымдуулуктун көрсөткүчтөрү, өсүмдүктөрдүн өндүрүмдүүлүгү, басымы (малдын жайыт тилкесиндеги саны), чабандардын жана мал жаюуга берилген билеттердин саны тууралуу ж.б.у.с. маалыматтар көрсөтүлгөн. Жайыт комитетинин бюджетин аткарууну көзөмөлдөө, инвентаризациялоо, жайыттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү - ЭЖК башка пайдалуу иш-милдеттерине кирет.

Электрондук системага КР Айыл, суу чарба жана региондоржу өнүктүрүү министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбачылыгы департаменти администратор катары кызмат кылат. ЭЖК пайдалануу менен бул орган жайыт комитеттеринин ишмердүүлүгү жана жайыт жерлердин абалы жөнүндө толук маалыматтык түшүнүк алат.