EBA

http://eba.camp.kg/ (Ecosystеm-based Adaptation) – «Борбордук Азиянын бийик тоолуу райондорундагы климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашуу үчүн экосистемалык ыкма» долбоорунун маалыматтык өнүмү.

Бул демилгени регионалдык мамлекеттик түзүмдөрдөн, эл аралык жана аймактык жергиликтүү бейөкмөт уюмдардан, изилдөө институттарынан жана билим берүү мекемелеринен турган консорциум жүзөгө ашырды. Долбоорду ишке ашырууда жетектөөчү координациялоочу роль жана каржылык колдоо Эл аралык климаттык демилгеге (ICI), Германиянын айлана-чөйрөнү, жаратылышты коргоо жана ядролук коопсуздук федералдык министрлигине жана Германия эл аралык кызматташтык коомуна (GIZ) таандык. «САМР Алатоо» КФ менен «САМР Табиат» КФ долбоорду Кыргызстанда ишке ашырууда өнөктөш катары катышты.

Сайтта долбоорду Кыргызстанда, Казакстанда жана Тажикстанда ишке ашыруунун алгачкы этаптары жөнүндө толук маалымат – экосистемалык мамиленин концепциясын, максаттарын жана милдеттерин баяндоодон тартып, аны колдонуунун айкын кадамдары жайгаштырылган. Долбоордун тарыхы жана аны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат сайттын бөлүмдөрүнө чогултулган жана бардык зарыл материалдар – климаттык өзгөрүүгө ыңгайлашуу боюнча аракет пландары, климаттык тобокелдиктер жана аларды басаңдатуу чараларын экономикалык баалоо боюнча боюнча колдонмолор, ийгиликтүү экосистемалык мамилени мамлекеттик саясатка киргизүү боюнча изилдөөлөр, инфографикалар, видеосюжеттер жана фотографиялар колдонуучунун кол алдында болгудай кылып топтоштурулган.