Аймакташтыруу

Аймактык кызматташууну чыӊдоо жана табигый ресурстарды башкаруу жана Борбордук Азиядагы тоолуу жамааттарды өнүктүрүү жаатында иштеген уюмдардын дараметин жогорулатуу, «САМР Алатоо» КФ үчүн маанилүү милдет болуп саналат. Аларды чечүү үчүн 2018-жылы карагандылык «Экологиялык музей» коомдук бирикмеси менен консорциумда жана Германия эл аралык кызматташтык уюмунун (GIZ) колдоосунда уюмдардын жана ар кыл секторлордогу адистердин башын кошкон Борбордук Азиянын эксперттик экологиялык тармагы (GREEN CA) түзүлгөн.

GREEN CA үчүн биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү стратегиялык пландаштыруунун жүрүшүнө катышуу артыкчылыктуу багыт болуп саналат. «САМР Алатоо» КФ үчүн GREEN CA аймактагы кеӊейүүнүн дагы бир багыты, бул өнөктөштөр менен кызматташтыкта жалпы чөлкөмдөгү жамааттардын жашоо-шартын жакшырттууга көмөктөшүү жаатында өлкө демилгелерине катышуунун жаӊы мүмкүнчүлүктөрүн берет. Мындай тажрыйба Хорог ш. (ТБАО, Тажикстан) “CAMP Табиат” КФ филиалынын түзүлүшү менен жүзөгө ашырылган, ал уюм 2013-жылдан бери Памир бийик тоолуу аймагынын жашоочуларына токойлорду калыбына келтирүү, жайыттарды башкаруу, климаттык өзгөрүүгө ыӊгайлашууга жардам берип келе жатат.

«САМР Алатоо» КФ билим берүүчү турлар убагында Борбордук Азия жана КМШ өлкөлөрүнөн келген кесиптештерине табигый ресурстарды башкаруу, реформаларды илгерилетүү жана жер мыйзамындагы өзгөртүүлөр боюнча мамлекеттик өнөктөштөр менен кызматташуу жаатындагы алдыӊкы тажрыйбаларын кубануу менен бөлүшөт.

- CAMP форуму

- Образовательные визиты Билим берүү сапарлары