Образовательные визиты

"САМР Алатоо" коомдук фонду Борбордук Азия жана КМШ мамлекеттеринин өкүлдөрү үчүн билим берүү визиттерин үзгүлтүксүз уюштуруп турат.

2013-ж. октябрда Өзбекстандагы Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ) жүзөгө ашырып жаткан «Жайыттарды жергиликтүү калк менен биргеликте туруктуу башкаруу» долбоорунун командасы үчүн «Табигый ресурстар үчүн чыр-чатактарды башкаруу» темасында тренерлер үчүн окутуу өткөрүлгөн. "САМР Алатоо" КФ адистери негизги спикерлер катары катышты жана катышуучулар үчүн тренинг чоӊ кызыгуу жаратканын белгилешти жана модулду Өзбекстанда ылайыктоо процессинин баштоого түрткү берди. Кыргыз жана өзбек командарынын ортосунда кесипкөйлүк жана маданий тажрыйба алмашуу жемиштүү жүзөгө ашырылды.

2013-ж. июнда "САМР Алатоо" КФ тренерлери айыл чарба тармагында иштеген казакстандык уюмдардын өкүлдөрүн окутту. Семинарлар Алматы ш. Казакстандагы БУУӨП колдоосунда болуп өттү.

2017-ж. октябрда Бишкек ш. Түркмөнстандан келген жер пайдалануу боюнча адистер үчүн жайыттарды пайдалануу жаатындагы Кыргызстандын тажрыйбасын үйрөнүү боюнча билим берүү туру уюштурулган. Иш сапардын жүрүшүндө коноктор КР Айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министрлигинин, «Кыргыз жайыты» улуттук ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту, ошондой эле, Ысык-Ата районундагы Нурмамбет айылдык аймагында болушту, ал айылдык аймакта «САМР Алатоо» КФ бир долбоорунун алкагында жергиликтүү жайыт комитетинин финансылык ресурстарды пландоо жана башкаруу жана жер пайдалануучулар ортосундагы мамилелерди жөнгө салуу боюнча иштер ийгиликтүү жолго коюлган. Эксперттер «САМР Алатоо» КФ жайыттарды башкаруу жаатындагы долбоордук ишмердүүлүгү менен дагы таанышышты.

Коноктор жайыт мыйзамдарынын иш жүзүндөгү колдонулушу жана аны жыйынтыгына кызыгышты. Бул Түркмөнстанда жайыт жөнүндө мыйзам бир нече жыл мурда кабыл алынып, бирок аны ишке ашыруунун механизмдеринин жоктугунан дагы деле ишке киргизилбей келгенине байланыштуу болду. Турдун жыйынтыгы боюнча түркмөн делегациясынын өкүлдөрү, жайыт ресурстарын мыйзам деӊгээлинде башкаруунун жүрүшү жана анын жергиликтүү жамааттар үчүн артыкчылыгы жөнүндө толук маалымат алышканын белгилешти. Алардын пикири боюнча, табигый, географиялык жана социалдык шарттардын окшоштугунан улам Кыргызстандын тажрыйбасын Түркмөнстанга ылайыкташтырууга болот. Ошондой эле, коноктор «Жайыттар жөнүндө» мыйзамдын аткарылышына "САМР Алатоо" КФ кошкон салымын баса белгилешти. "САМР Алатоо" КФ Түркмөнстандагы жергиликтүү жамааттар жана дыйкан чарбалары (мурдагы колхоздор) менен кызматташуу тажрыйбасына ээ. Эл аралык уюмдардын тапшырыгы боюнча тоолуу жана чөл аймактарындагы жайыттарды башкаруу боюнча окутуу модулдары иштелип чыкты, ошондой эле, климаттык өзгөрүүлөргө ыӊгайлашууга окутуу боюнча өздүк инновациялык усулдар колдонулду.

2019 ж. октябрда Армениянын делегациясы билим берүү визитинин алкагында Кыргызстанга келди. Улуттук жыйындын (Парламенттин) 11 өкүлү, экономика, курчап турган чөйрөнү коргоо, аймактык башкаруу жана инфраструктура сыяктуу 3 министрликтин, Улуттук агрардык университеттин, аймактык администрациялардын, Жайыт реформасынын секретариаты, Армениядагы Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү – жайыт реформасын жүзөгө ашыруу жана мамлекеттик органдар менен Координациялык-Консультациялык кеӊештер деӊгээлинде мамлекеттик органдар менен кызматташуу боюнча Кыргызстандын тажрыйбасын үйрөнүштү.

Армян делегациясынын мүчөлөрү Кыргызстандын жайыт чарбасы жаатындагы мыйзам чыгаруу ишердүүлүгү, демилгелерди илгерилетүүдөгү көйгөйлөрү жана жетишкендиктери жана жалпы эле агрардык саясат тууралуу биле алышты. Ушул маселелер КР Парламентинин, КР айыл чарба министрлигинин жетекчилери, табигый ресурстар жаатындагы эл аралык долбоорлордун жана «Кыргыз жайыты» улуттук ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушууларда талкууланды. Коноктор үчүн Ысык-Көл облусуна иш сапар уюштурулду, анын алкагында алар Ак-Суу токой чарбасынын, Жаргылчак айыл аймагындагы жайыт комитетинин жана жеке менчик экоферманын иштери менен таанышты.